ДӨҢГӨЛӨК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДӨҢГӨЛӨК – окто айлануучу тегерек диск же чабактуу алкак. Д. окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок м-н кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын башка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт каражатында болсо кыймылдын каршылыгын азайтат. Алгачкы Д. жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек тегирмен ташынан турган. Алгачкы Д. жыгач кесиндилеринен же үч пластинадан жасалган. Ча-

бөлүгүндө аянты 90Ч50 м сепили бар, анын үч тарабы терең аң м-н курчалган, түш. жагынан гана кирүүгө болот. Археол. казууларда калыңдыгы 10 мдей маданий катмар ачылган. Ал жерден ар кайсы доорлорго таандык карапа идиштердин сыныктары, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштердин

жасалыш технологиясында Шоро-Башат, Мархамат мад-ттарына, Касан, Кожогарын, Белес- Мазар сыяктуу соңку о. кылымдын эстеликтери м-н окшоштугу бар. С. Эралиев. бактуу Д. алгач б. з. ч. 2-миң жылдыкта бирибиринен алыс аралыкта жайгашкан Скандинавия, Кытай ж-а Месопотамия аймактарында жасалган. Байыркы арабаларда Д. окто айланган же окко бекем бекитилип, аны м-н чогуу айланган. О. кылымда Европада Д. күпчөктөн ж-а дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азайтуу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина м-н алмашылган. Алгачкы чабактуу жеңил Д. 1808-ж. жасалып, чабактар алкак м-н күпчөктүн ортосуна радиус б-ча жайгашкан, бирок кийинчерээк кайчылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабактар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде ширетилген темир Д. колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү Д. пайдаланылат. Туташ резинадан жасалган шина 1890-ж. пневматикалык м-н алмаштырылган. Азыр Д. көпчүлүк машинада айлануу тездигин ж-а кыймыл багытын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу ж. б. кыймыл бергичте) үчүн колдонулат.