ДӨӨЛӨТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДӨӨЛӨТ (ар. давля, давлят) – 1) байлык же­тиштүүлүк, молдук. Д. «тагдыр», «буйрук» түшү­нүктөрү м-н тамырлаш. Кыргыздар: «Эр жигит­ке Д. үч жолу келет экен»,– деп коюшат. Аны көтөргөн (баалаган, баркына жеткен) бар, көтө­рө албаган бар. «Мээнет – жалпак, Д. – того­лок» делет ылакапта. Мээнет (эмгек, аракет) качпайт, ал эми Д. аны кармай албагандан ка­чат; 2) мамлекет (держава, империя маанисин­де); 3) философияда: аксиол. (баалуулуктарды кастарлоо ж-дөгү) түшүнүк. Д.– кымбат, асыл, баалуу, барктуу нерсе. Мис., улуттук Д., эсте­тикалык Д.