ДРАМА: нускалардын айырмасы
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДРА́МА''' ( | '''ДРА́МА''' (грекче. drfma – аракет) – 1) адабияттын үч түрүнүн (эпос жана лирика менен катар) бири Драма бир эле убакта ''театрга'' да, ''адабиятка'' да орток жанр. Драманын өзгөчөлүгү – сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын ди­алогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү неги­зин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жал­пы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. ''Драматизм'' искусствонун бардык түрүндө жолукса да, Драмада мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Драма өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия менен комедия – Драмада жашап келген түбөлүктүү жанрлар. Орто кылымда мисте­рия, моралите, көчө Драмалары, ошондой эле мелодрама, фарс, ''водевиль'' кеңири тараган, азыр Драмада тра­гикомедия маанилүү орунда. Европа Драмасынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим Драмасынын өкүлдөрү – Плавт, Теренций. Чы­гышта Драма кийинчерээк өнүккөн. Индияда Драма жанрынын гүлдөгөн доору биздин замандын 1-миң жылдыгы­на (Калидаса, IV–V кылымдар, Шудрака, V кылым жана башкалар) туу­ра келсе, Кытайда XIII–XIV кылымдарда атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа Драмасынын «алтын доорун» Англиядагы жана Испаниядагы ''Кайра жаралуу'' доору менен барокко мезгилинде­ги Драма түзөт. Шекспирдин Драмаларында трагедия­луулук жана комедиялуулук, реалдуулук жана фантастика чыныгы элдик Драмалык формада сүрөттөлгөн. XIX кылымдагы орус драматургиясы дүйнөлүк Драманын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов – чыныгы реалисттик Драманы жараткан. М. Горь­кий, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, В. Маяковский, Л. Леонов, А.Корнейчук, А. Ар­бузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз адабиятында Драмалык чыгармалар 1920-жыл­дардын аягында пайда боло баштаган. 1926-жылы Ысык-Көл облусунун айыл чарба техникумунда Драма. ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педагогикалык техникумдун алдындагы Драмалык ийримдерде, театр студия­ларында орус драматургдарынын пьесалары (мисалы, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» жана башкалар) кою­ла баштаган. Кыргыз адабиятында алгачкы Драмалык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматур­гиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныста­нов турган авторлордун ''«Академия кечелери»'' деп аталган Драмалык циклин кыргыз Драма жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Драма жанрынын өнүгүшүнө Ж. ''Турусбеков,'' Ж. ''Бөкөнбаев,'' К. ''Мали­ков,'' А. ''Токомбаев,'' А. ''Осмонов,'' Т. ''Абдумому­нов'' зор салымдарын кошту. Б. ''Жакиев,'' Ж. ''Са­дыков,'' М. ''Тойбаев,'' Б. ''Өмүралиев,'' М. ''Гапаров,'' С. ''Раев'' жана башка драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. ''Айтматовдун'' кыргыз драматур­гиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чы­гармалары боюнча спектаклдер кыргыз театрларын­да эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай кою­лууда; 2) драматургиянын трагедия жана коме­дия менен катар негизги жанрларынын бири. Драма. ''комедия'' сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты – адамдардын мүнөзүн ж-а кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом менен болгон оош-кыйыш мами­лесин ачуу. Драма ''трагедия'' сыяктуу эле каарман­дардын рухий калыптануу баскычын же адеп­-ахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каарман­дарга таандык бөтөнчөлүк жок. Драма курч кара­ма-каршылыктарды жана алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Драманын белгилери антикалык (мисалы, Европада) жана айрыкча ''Кайра жаралуу'' доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары Драма. XVIII кылымда гана калыптан­ган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү – реалисттик психологиялык Драма. Т. Абду­момунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Ма­нас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Садыбакаcoв («Ак боз ат») жана башка кыргыз драматург­дары психологиялык драмага кайрылышты. ''А. Садыков, С. Төлөгөнова.'' | ||
түрүнүн (эпос | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
«алтын доорун» Англиядагы | |||
''Кайра жаралуу'' доору | |||
чыныгы реалисттик | |||
чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев | |||
К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматур­гиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныста­нов турган авторлордун ''«Академия кечелери»'' деп аталган | |||
өнүгүшүнө Ж. ''Турусбеков,'' Ж. ''Бөкөнбаев,'' К. ''Мали­ков,'' А. ''Токомбаев,'' А. ''Осмонов,'' Т. ''Абдумому­нов'' зор салымдарын кошту. Б. ''Жакиев,'' Ж. ''Са­дыков,'' М. ''Тойбаев,'' Б. ''Өмүралиев,'' М. ''Гапаров,'' С. ''Раев'' | |||
өзүнчө жанр катары | |||
''А. Садыков, С. Төлөгөнова.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | |||
10:58, 7 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДРА́МА (грекче. drfma – аракет) – 1) адабияттын үч түрүнүн (эпос жана лирика менен катар) бири Драма бир эле убакта театрга да, адабиятка да орток жанр. Драманын өзгөчөлүгү – сюжеттүүлүк, окуянын курч карама-каршылыктуулугу, анын сахна оюндарына бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Анын түпкү негизин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жалпы адамзат карама-каршылыктарына дуушар болгон кишилердин ой-пикири, кагылышы, сөз таймашы түзөт. Драматизм искусствонун бардык түрүндө жолукса да, Драмада мыйзам ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Драма өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия менен комедия – Драмада жашап келген түбөлүктүү жанрлар. Орто кылымда мистерия, моралите, көчө Драмалары, ошондой эле мелодрама, фарс, водевиль кеңири тараган, азыр Драмада трагикомедия маанилүү орунда. Европа Драмасынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим Драмасынын өкүлдөрү – Плавт, Теренций. Чыгышта Драма кийинчерээк өнүккөн. Индияда Драма жанрынын гүлдөгөн доору биздин замандын 1-миң жылдыгына (Калидаса, IV–V кылымдар, Шудрака, V кылым жана башкалар) туура келсе, Кытайда XIII–XIV кылымдарда атуулдук драма адабий жанры калыптанган. Европа Драмасынын «алтын доорун» Англиядагы жана Испаниядагы Кайра жаралуу доору менен барокко мезгилиндеги Драма түзөт. Шекспирдин Драмаларында трагедиялуулук жана комедиялуулук, реалдуулук жана фантастика чыныгы элдик Драмалык формада сүрөттөлгөн. XIX кылымдагы орус драматургиясы дүйнөлүк Драманын тарыхына зор салым кошкон. А. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов – чыныгы реалисттик Драманы жараткан. М. Горький, В. Вишневский, Н. Погодин, К. Тренёв, В. Маяковский, Л. Леонов, А.Корнейчук, А. Арбузов сыяктуу драматургдардын чыгармалары драматургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз адабиятында Драмалык чыгармалар 1920-жылдардын аягында пайда боло баштаган. 1926-жылы Ысык-Көл облусунун айыл чарба техникумунда Драма. ийрими уюшулган. Кийин борбордогу педагогикалык техникумдун алдындагы Драмалык ийримдерде, театр студияларында орус драматургдарынын пьесалары (мисалы, Н. В. Гоголдун «Текшерүүчүсү» жана башкалар) коюла баштаган. Кыргыз адабиятында алгачкы Драмалык чыгарманы М. Токобаев жазып, С. Карачев К. Жантөшев, Ш. Көкөнов кыргыз драматургиясын түптөшкөн. Башында Касым Тыныстанов турган авторлордун «Академия кечелери» деп аталган Драмалык циклин кыргыз Драма жанрынын калыптанышынын, өркүндөшүнүн айрыкча бир этабы катары эсептөөгө болот. Драма жанрынын өнүгүшүнө Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Абдумомунов зор салымдарын кошту. Б. Жакиев, Ж. Садыков, М. Тойбаев, Б. Өмүралиев, М. Гапаров, С. Раев жана башка драматургдар жаңы бийиктикке көтөрүштү. Ч. Айтматовдун кыргыз драматургиясында ээлеген орду өзгөчө. Жазуучунун чыгармалары боюнча спектаклдер кыргыз театрларында эле эмес, чет өлкөлөрдө да байма-бай коюлууда; 2) драматургиянын трагедия жана комедия менен катар негизги жанрларынын бири. Драма. комедия сыяктуу адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты – адамдардын мүнөзүн ж-а кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом менен болгон оош-кыйыш мамилесин ачуу. Драма трагедия сыяктуу эле каармандардын рухий калыптануу баскычын же адеп-ахлактык өзгөрүүлөрүн сүрөттөйт, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каармандарга таандык бөтөнчөлүк жок. Драма курч карама-каршылыктарды жана алардын кагылышын түзүүгө умтулат. Драманын белгилери антикалык (мисалы, Европада) жана айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары Драма. XVIII кылымда гана калыптанган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган түрү – реалисттик психологиялык Драма. Т. Абдумомунов («Абийир кечирбейт»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Ж. Садыков («Айкөл Манас»), М. Байжиев («Төрт адам»), Ш. Садыбакаcoв («Ак боз ат») жана башка кыргыз драматургдары психологиялык драмага кайрылышты. А. Садыков, С. Төлөгөнова.