ДРЕНАЖ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДРЕНА́Ж (англ. drain – кургатуу) а й ы л ч а р­б а с ы н д а – жер кыртышын өсүмдүктүн өсү­шүнө тоскоол болуучу ашыкча суудан арылтуу­чу мелиорация ыкмасы. Саздак ж-а ашыкча нымдуу жерлерди кургатуу үчүн жер астына ор­нотулуучу (түтүк, кудук ж. б.) гидротех. ку­рулмалар системасы колдонулат. А. ч-нда саз­дак жерди кургатуучу, жердин шордуулугуна каршы күрөшүүчү ж-а чополуу топуракта газ (аба) алмашууну күчөтүүчү (аэрация) Д-га бө­лүнөт. Б. з. ч. 2000-жылдарда Месопотамияда карапа Д-ы пайда болгон. Кийин Д. Байыркы Римде, Европада (Франция, Улуу Британия) колдонулган. Көбүнчө саздуу аймактарда ж-а шор жерлерде жасалма Д. жүргүзүлөт. Д-доодо кыртыштагы ашыкча суунун деңгээли төмөн­дөйт, зыяндуу туздарды эритип жууп кетирет, өсүмдүктүн тамырына шор келишин тосот. Кур­гатуучу Д-да түз ж-а тик ыкма колдонулат. То­пуракты кургатуу үчүн негизинен карапа түтүк­төр пайдаланылат. Чым көңдүү жерлерди кур­гатууда мурда жыгач түтүк, кийин тешиктүү пластмасса, полиэтилен, винипласт ж. б. түтүк­төрү кеңири колдонулууда. Шорсуздандыруу Д-ы айрыкча О. Азия, Закавказье, Түш. Украи­на, Түн. Кавказда колдонулат. Бул аймактар­дын шордуу болушу кыртыш сууларында мине­ралдуу заттар көп болуп, алар бууланганда тез эрүүчү туздардын (NaCl, NaSO4 , MgCl2 , CaCl2

ж. б.) топуракта топтолушуна байланыштуу болгондуктан, сугат жерлердин шор болушуна каршы күрөшүү үчүн түз ж-а тик Д. колдону­лат. Алар жабык Д. деп аталат. Д-ды ачык ка­нал м-н да ишке ашырууга болот. Мында кур­гатылуучу аянтка бири бирине жарыш терең ка­нал казылат да, анын капталдарынан сарык­кан суулар чуңкурга чогулат.

Ад.: Оросительные мелиорации. М., 1973; Горизон­тальный дренаж орошаемых земель / Под ред. В. А. Ду­ховного. М., 1979; Сельскохозяйственная мелиорация /Под ред. Б. С. Маслова. М., 1984.