ДРОЗОФИЛА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДРОЗОФИ́ЛА (Drosophila) – жемишчи чымындар ту­кумундагы уруу. Дене уз. 3,5 ммге чейин. Бүт жер жүзүндө 1 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 25 түрү бар, бардык жерде, айрык­ча тропикте кеңири тараган. Көбүнчө мөмө, же­миш, жашылча сакталуучу жайларда кездешет. Личинкасы өсүмдүктөрдүн калдыктарында өөр­чүйт. Амер. илимпоз Т. Морган Д-нын лабор. шартта тез көбөйүп, айрым түрлөрү түпкү те­гиндеги белгилерин даана сактарын аныкта­ган. Ошондон кийин Д. генетиканын объек­тисине айланган. Д. м-н мутагенез процесси изилденип, эксперименттик биринчи мутация алынган.