ДРОМОС: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДРО́МОС – 1–5-к-да Евразия чөлкөмүндө жашаган көчмөн уруулардын көрлөрүндөгү катакомба ж-а подбой казанактарына алып баруучу айдөш казылган жабык коридор. Д-тордун уз. 4–6 мге чейин жетип, жер алдындагы эңкейиш жасалган узун коридорлор аркылуу сөөктү казанакка (катакомбага) алпарып коюу үчүн ылайыкташтырылган. Байыркы Д-тор Грекиянын Эгей ж-а Этрус мад-тынын табыт коюлуучу жайларынан кездешкен. КМШда Кара деңиздин түн. жээктеринде, Ташкент ж-а Бухара оазистеринде ж-а Казакстандын түн. райондорунда көп кездешет. Кырг-нда Д-туу көрүстөндөр Чаткал, Талас, Кетмен-Төбө, Баткен ж-а Алай өрөөндөрүндө кеңири тараган. Д. хунн урууларына таандык деп эсептелинет. А. К. Абетеков.