ДУ ФУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУ ФУ (712–770) – кытай акыны. «Улуу сепил үчүн чабуул» (750) ж. б. ырларында бүлүндүрүүчү согуштарга каршы нааразылыгын билдирген. Анын «Сулуу жөнүндө ыры» падыша сарайындагылардын турмушун мыскылдайт. «Борбордон Фынсянга бараткандагы 500 сөздөн турган ой толгоолор» (755) аттуу антифеод. поэмасында адам теңдиги ж-дөгү тилегин айткан. Д. Ф. – бийлик башындагылардын бетин ачкан «Үч башкаруучу» сыяктуу кеңири белгилүү ыр циклдеринин, чебер жазылган пейзаждык ырлардын автору. Ал өмүрүнүн акырында жалгыз жашап, жакырчылыкта өлгөн. Анын ырлары кытай поэзиясынын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген. Кытайда аны «поэзиянын корифейи» деп аташат.
Ад.: Серебряков Е. А. Ду Фу. М., 1958. Э. Кылычев.