ДУБНИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУ́БНИЙ (лат. Dubnium), Db – элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы хим. элемент. К. н. 105; ат. м. 262; туруктуу изотоптору жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес, окистенүү даражасы +5. Тантал ж-а ниобийдин аналогу. 255, 257, 259–262 массалык санга ээ болгон 6 изотобу белгилүү; эң туруктуусу 262Db (Т1/2= 40 сек). Хим. касиеттери ж-дөгү алгачкы маалыматтарды 1970-ж. Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен ин-ту (ЯИБИ, Дубна ш., СССР) берген. ЯИБИде 1970-ж. 243Amди 22Ne ядросу мн бомбалоодон алынган. АКШнын Беркли шнда 1970-ж. 249Cfди 15N ядросу м-н бомбалоодон обл., Тростянецк р-ну, Гребениковка кыш.) – 260Db изотобу алынган. Д. салмактык санда алынган эмес, анын касиеттери саналуу гана атомдору б-ча изилденген. Анын хим. касиеттери ЯИБИде резерфордийди аныктаган ыкманы өркүндөтүү м-н изилденген. Анткени лантаноиддердин учпай турган хлориддеринен гана эмес, учма хлориддеринен, мис., резерфордийдин хлоридинен да бөлүнүп алынган. Элементтин ачылышы физ. гана эмес, хим. ыкмалардын жардамы м-н да аныкталган. Д. азырынча эч жерде колдонула элек. 1997-ж. Эл аралык теор. ж-а колдонмо химия союзунун (ИЮПАК) атайын к-тинин сунушу м-н Д. деп аталган.