ДУГОВ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУГО́В МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. тармагы – Коллектор тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,5 км, аянты 4,5 км2. Исфайрам-Сай ж-а Шаймерден сууларынын алаптарын бөлүп турган тармагынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 4000 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4500 м, абляция аймагынын аянты 2,2 км2. 1935–73-ж. жылына 25–70 мге тартылган; кийин тартылуу басаңдаган. Мөңгүдөн агып чыккан суу Арча-Конушка (Исфайрам-Сайдын оң курамы Сүрмө-Таштын алабында) оң тараптан куят.