ВАН ГОВЭЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

В а н Ц з и н ь а н (3. 12. 1877, Кытай, Чжецзян провинциясы, Хайнин уезди – 2. 6. 1927, Пекин) – кытай тарыхчысы ж-а филолог. 1901-ж. Шанхай ун-тинин чыгыш ад-ты ф-тин бүтүргөн. 1916-жылдан Шанхайда чыккан «Кылым» журналынын редактору болуп иштеген. Пекин ун-тинин профессору (1925-жылдан). Байыркы кытай кол жазмаларын изилдеген ж-а Кытайдын байыркы, о. кылымдардагы тарыхы, о. эле тарыхый булактар б-ча эмгектери жарык көргөн. Байыркы Кытай эпиграфикасы б-ча мыкты адистердин бири болгон. Монголдордун тарыхын ж-а алардын Кытай м-н алакаларын изилдеген. Түрк уруулары тууралуу жазылган байыркы кытай булактарына ж-а О. Азияга келип кеткен кытай саякатчыларынын эмгектерине ил. түшүндүрмөлөр жазган. О. эле кытай классикалык драмасын изилдөөгө да салым кошкон. Анын «Сун жана юань драмасынын тарыхы» аттуу эмгеги дүйнөдө классикалык кытай театрынын өнүгүүсүнүн байыркы этабын системага салып изилдеген биринчи ил. эмгек катары саналат.