ДУЗЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУ́ЗЕ Элеонора (3. 10. 1858,

Италия, Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – итал. актриса. Атасы Алессандро Ду зе Итал иянын шаарларын кыдырып жүргөн чакан труппанын актё- ру болгон. Д. сахнада 4 жашынан ойной баштап, алгач Гюгонун «Четке кагылгандар» спектаклинен Казеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульеттанын ролун зор ийгилик м-н ойногон. Неаполдогу Фьорентини театрынын сахнасында Тереза Ракендин (Золянын повести б-ча, 1879) ролу Д-ге олуттуу атак алып келген. 1887-ж. өз труппасын уюштурган. Д. Италияда көрүнүктүү актриса катары таанылган ж-а Батыш Европа, Түш. Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастролдору зор ийгилик м-н өткөн. 1891–92-ж. ж-а 1908-ж. Россияда Д-нин өнөрүн орус мад-тынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Репин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Данченко ж. б. жогору баалашкан. Мыкты ролдору: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кармаган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык урмат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөндөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») ж. б. Өмүрүнүн акырында орус ад-ты ж-а иск-восу тууралуу жазган.
Ад.: Кугель А. Р. Театральные портреты. П.; М., 1923; Станиславский К. С. Моя жизнь в искусстве. Л., 1928. К. Зарлыкова.