ДУЛУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУЛУ – Батыш Түрк кагандыгынын курамына кирип, бир уруудагы он окко бөлүнүп, дулу ж-а нушиби аталган беш уруктун конфедерациясы. Аталган экөөнүн ортосунда Батыш Түрк каганатында алдыңкы күч болуш үчүн ар дайым атаандаштык жүрүп турган. Д-лардын союзуна Батыш Түрк кагандыгынын чыгышындагы (Иле
өзөнүнүн бою) беш аймакты ээлешкен чумугун,
хулуву, нешетидун, туциши, хелоши ж-а шуниши чубин уруктары киришкен. Ар бир уруктун башына бирден шад шайланып, бийлик белгиси катары ага жаанын жебеси тапшырылган.
Чуло-хан Тамандын тушунда (604–611-ж. башкарган) кагандыкты дулу союздары бийлеп, бирок, бир аз убакыттан кийин Шегуй-хандын бийликке келиши м-н, нушиби уругу үстөмдүк кылууга жетишкен. Кийин Тонжабгу-каган реформа жүргүзүп (618–630), дулу м-н нушибинин укугун теңештирген.
Ад.: Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Chavannes E., Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Гумилёв Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Аристов Н. А. Усуны и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Новосиб., 1989. Т. Жуманалиев.