ДУНАЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУНАЕ́ВСКИЙ Исаак Осипович (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава обл. – 25. 7. 1955, Москва) – композитор, РСФСР эл арт. (1950), сов. оперетта м-н муз. кинокомедияга

негиз салгандардын бири. 1919-ж. Харьков консерваториясын бүтүргөн. Эл арасына кеңири тараган «Мекен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мектеп вальсы», «Унутпа», «Каховка жөнүндө ыр» ж. б. чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий калпак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак акация», 1955 ж. б.), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыкасында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбазачы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамл. сыйл., 1941), «Волга-Волга» (1938, СССР мамл. сыйл. 1941), «Кубандык казактар» (1950, СССР мамл. сыйл., 1951) ж. б. Композитор музыканы фильмдин драматургиясынын бирден бир башкы компонентине айландырган.
Ад.: Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.