ДУНГАН АДАБИЯТЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДУНГАН АДАБИЯТЫ''' – дунган элинин адабия­ты. О. Азиялык дунгандардын Октябрь рев-ясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), о. эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар ж. б. ж-дөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү ж-дө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Д. а-нын жаралышы ж-а өнүгүшү
'''ДУНГАН АДАБИЯТЫ''' – дунган элинин адабия­ты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар ж. б. жөнүндөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Дунган адабиятынын жаралышы ж-а өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы Дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. ''Шиваза'', Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пай­да болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-жылы «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган.  
үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы Д. а-нын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. ''Шиваза'', Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Д. а-нын пай­да болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-ж. «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Д. а-нын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Д. а-нын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Д. а. көп жанрдуу өнүккөн ад-тка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган. [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]
 

05:38, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ДУНГАН АДАБИЯТЫ – дунган элинин адабия­ты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар ж. б. жөнүндөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Дунган адабиятынын жаралышы ж-а өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы Дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пай­да болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-жылы «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган.