ДУНГАН АДАБИЯТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУНГАН АДАБИЯТЫ – дунган элинин адабияты. О. Азиялык дунгандардын Октябрь рев-ясына чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларында негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), о. эле ар кыл жанрдагы ж-а мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акылман адамдар ж. б. ж-дөгү жомокторунда кедейлердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомокторунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү ж-дө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозеки чыгармалар Д. а-нын жаралышы ж-а өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдардын башында дунган жазмасынын иштелип чыгышы Д. а-нын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгачкы чыгармалары жарыяланган. Д. а-нын пайда болушу ж-а өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы м-н тыгыз байланыштуу. 1932-ж. «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэнин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жарык көргөн. 1950-жылдары Д. а-нын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Арбудунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген повесттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аңгемелери, повесттери белгилүү. Кийин Д. а-нын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар м-н толукталды. Азыркы учурда Д. а. көп жанрдуу өнүккөн ад-тка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.