ГЮРЗА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЮРЗА́ (Vipera Ledetina) – кара чаар жыландар тукумундагы уулуу жылан. Уз. 1,6 мге жетет. Жон жагында бозомтук же күрөӊ-кызыл темгили, капталында кара тактары бар. Түн.-Батыш Африкада, Түн.-Индияда, Кавказда, Казакстандын түштүгүндө, О. Азияда кездешет. Тоо этектеринде, шагылдуу, карагайлуу капталдарында, капчыгайларда, суу өрөөндөрүндө, жүзүмзарларда, бак арасында жашайт. Майда канаттуулар, кемирүүчүлөр, кескелдириктер м-н азыктанат. Ургаачысы 43кө чейин жумуртка тууйт. Кишини чакса өлүмгө дуушар болот. Уусу медицинада колдонулат.