ДУНИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ДУНИ́Т (Жаңы Зеландиядагы Дун тоосунун атынан) – ультранегиздүү магма тоо теги. Өңү кара, каралжын же ачык жашыл. Тыгыздыгы 3,28 г/см3. Д. 85 – 100% оливинден, 3 %ке че­йин хромиттен ж-а кенташ (руда) минералда­рынан турат. Курамында магний өтө көп, крем­ний аз. Ал силл, жарыш жаткан линзалар ж-а кайчылашкан түтүкчөлөр түрүндө кезигет, кээ­де гана ири интрузия тулкуларын пайда кы­лат. Д. м-н бирге хромит, платина, никель, кобальт, темир, тальк, хризотил-асбест ж. б. кездешет. Д. отко чыдамдуу минералдарды чы­гарууда кеңири колдонулат.