ДУНКАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУНКА́Н , Д а н к а н Айседора (27. 5. 1877, Сан-Франциско – 14. 9. 1927, Ницца) – амер. бийчи. Модерн бийлери мектебине негиз салгандардын бири. Ал Бетховен, Глюк, Шопен, Чайковский ж. б. композиторлордун бийге арналбаган музыкаларын пайдаланган. Балеттик кийимди (пачка, трико) грек туникасы м-н алмаштырган; пуанта м-н бийлөөдөн баш тарткан, бут кийимсиз бийлеген («жылаңайлактар бийи»). Россияга 1904-ж. келип бийлеген, кийин импе-

ратор театрында (1905–13), МХТда бий мек т ебин уюштурууга аракеттенген. Германия (1904), Франция (1912), АКШ- дагы (1915) мектептери аз иштеп жабылып калган. 1921-ж. 7-ноябрда Чоң театрда салтанаттуу кечеде өз тарбиялануучулары м-н бий л еп чыккан (кечеге В. И. Ленин катышкан). Д. репертуарына «Марсельеза», «Интернационал», «Варшавянка» кирген. 1922-ж. С. Есенинге турмушка чыккан (студия ачкан). 1924-ж. СССРден кеткен. Анын студиясын бакма кызы Ирма Д. жетектеген (студия 1949-ж. чейин иштеген). Д-дын бий өнөрүнүн өнүгүшүнө таасири чоң.