ГЯНЖА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

04:13, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЯНЖА (1814–1918-ж. Елизаветполь, 1935–89-ж. Киров-Абад) – Азербайжан Респ-ндагы шаар. Гянжачай д-нын боюнда. Калкы 330,7 миӊ (2016). Жеӊил (пахта тазалоочу з-д, текстиль, килем-нооту комбинаты ж. б.), тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары, алюминий, прибор куруу, фарфор ж. б. з-ддору иштейт. Үч ЖОЖ (а. и. Азербайжан а. ч. академиясы), 2 театр, музейлер (край таануу, археол., этногр.) бар. 5-к-дан белгилүү. 7-к-дан арабдардын бийлиги астында болгон. 9–10-к-да Шедаддиддер мамлекетинин очогу. 12–13-к-да өлкөнүн ири соода-кол өнөрчүлүк ж-а маданий борбору. 16–18-к-да Персия м-н Түркиянын күрөшүнүн объектиси болгон. 18-к-да Гянжа хандыгынын борбору. Гөй-Имам диний комплекси (14–17-к.), Жума мечити (17-к.) ж. б. сакталган.