ДУПЛЕКС-АВТОТИПИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУПЛЕ́КС-АВТОТИ́ПИЯ (лат. dupleх – кош кабат ж-а aetjs – өзүм, tepos – из, форма) п ол и г р а ф и я д а – бир түстүү фотосүрөттөлүштү эки боёктуу кылып көрсөтүү: боёктун бири түстүү (күрөң, көгүлтүр, жашыл ж. б.); экинчиси (контурдук) – кара же боз. Д.-а. бир боёктууга караганда ажайып көрүнгөн сүрөттөлүштү берет. Мында түп нускадан эки негатив даярдалат: бири өтө контрасттуу, экинчиси – жумшак. Бирөөсү негативдин нормалдуу абалында, ал эми экинчиси 30–45°ка бурулганда сүрөткө тартылат. Контрасттуу негативдин чиймеси кара боёк, ал эми экинчиси түстүү боёк (негизинен көгүлтүр, жашыл, саргыч) м-н басылат.