ДУРОВДОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДУРОВДОР – орус цирк артисттеринин, маскарапоз-дрессировщиктердин үй-бүлөсү. А н а т ол и й Л е о н и д о в и ч Д. [26. 11(8. 12). 1864, Москва –8(21).1.1916, Мариуполь] – акробат, эквилибрист, жонглёр. 1879-ж. балаганда ойноодон баштап, 1882-ж. айбанаттарды үйрөтүүгө өткөн. Саясий сатирага кайрылган туңгуч цирк артисти. В л а д и м и р Л е о н и д о в и ч Д. [25. 6(7. 7). 1863, Москва – 3. 8. 1934, ошол эле жер] – РСФСРдин эмг. сиң. арт. (1927). А. Л. Дуровдун агасы. 1879-ж. үйрөтүлгөн айбанаттары м-н сатиралык номурларды аткарган. Россияда 1-жолу айбанаттардын табигый сезимине ж-а рефлексине карата үйрөтүү жолун иштеп чыккан. 1912-ж. Москвада музей-бурч ачкан (азыр В. Л. Дуров атн. бурч). А н а т ол и й А н а т о л ь е в и ч Д. [26. 11(8. 12). 1887, Воронеж – 19. 11. 1928, Ижевск] – А. Л. Дуровдун уулу. Өнөрүн 1914-жылдан көрсөтө баштаган. Империалисттик согушка каршы чыгарган

тамашасы үчүн сүргүнгө айдалган. 1917-ж. циркке кайра келип, айбанаттардын көп түрүн үйрөтүп, оюн көрсөткөн. В л а д и м и р Г р и г о р ь ев и ч Д. [3(16). 4. 1909, Воронеж – 14. 3. 1972, Москва] – СССР эл арт. (1967). А. Л. Дуровдун небереси. Д-дун жолун жолдоп, сатирачы-маскарапоз катары айбанаттарды кызыктуу ойнотууга жетишкен. Европанын көп өлкөлөрүндө өнөрүн тартуулаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Ю р и й В л а д и м и р о в и ч Д. [30.12. 1909 (12. 1. 1910), Петербург – 22. 2. 1971, Брюс-

сель] – СССР эл арт. (1971). В. Л. Дуровдун небереси. Сатирачы-маскарапоз, ар түрдүү айбанаттарды оюнду жаңылбай аткарууга үйрөткөн устат. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Т е р е з а В а с и л ь е в н а Д. (5. 9. 1926-ж. т., Воронеж) – РСФСРдин эмг. сиң. арт. (1969). А. Л. Дуровдун небереси. 1947-жылдан ар түрдүү айбанаттар м-н оюн көрсөтүүдө.
Ад.: Таланов А. В.. Братья Дуровы. М., 1971.