ДУУЛДАКТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУУЛДАКТАР''' (Carabidae) – коңуз­дардын тукуму. | '''ДУУЛДАКТАР''' (Carabidae) – коңуз­дардын тукуму. Узундугу 2 ''мм''ден 8 ''см''ге чейин. Көпчүлүгүнүн арткы тешигиндеги ачыш­тыргыч суюктук бөлүп чыгаруучу бездери жак­шы өөрчүгөн. Канат жапкычтары боор жагын бүт жаап, алар кээде бири бирине биригип кал­са, канаттары өспөйт же жок болот. Көпчүлүгү жырткыч, кээ бири өсүмдүк жешет. Личинкасы сүйрү, кыймылдуу, кара, жалтырак. Топуракта куурчакчага айланат. Дуулдактар моллюскалар, курт­кумурскалардын личинкалары м-н азыктанат. Айрымдары айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Күндүз таштардын, түшкөн жалбырактардын ас­тына жашынып, түнкүсүн азыгын издейт. 20 миң­ге жакын түрү бүт Жер шарына, көпчүлүгү Азия, Европанын климаты мелүүн жерлерине таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2300дөн ашык түрү бар. | ||
чейин. Көпчүлүгүнүн арткы тешигиндеги ачыш­тыргыч суюктук бөлүп чыгаруучу бездери жак­шы өөрчүгөн. Канат жапкычтары боор жагын бүт жаап, алар кээде бири бирине биригип кал­са, канаттары өспөйт же жок болот. Көпчүлүгү жырткыч, кээ бири өсүмдүк жешет. Личинкасы сүйрү, кыймылдуу, кара, жалтырак. Топуракта куурчакчага айланат. | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
Айрымдары | |||
09:10, 16 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДУУЛДАКТАР (Carabidae) – коңуздардын тукуму. Узундугу 2 ммден 8 смге чейин. Көпчүлүгүнүн арткы тешигиндеги ачыштыргыч суюктук бөлүп чыгаруучу бездери жакшы өөрчүгөн. Канат жапкычтары боор жагын бүт жаап, алар кээде бири бирине биригип калса, канаттары өспөйт же жок болот. Көпчүлүгү жырткыч, кээ бири өсүмдүк жешет. Личинкасы сүйрү, кыймылдуу, кара, жалтырак. Топуракта куурчакчага айланат. Дуулдактар моллюскалар, курткумурскалардын личинкалары м-н азыктанат. Айрымдары айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирет. Күндүз таштардын, түшкөн жалбырактардын астына жашынып, түнкүсүн азыгын издейт. 20 миңге жакын түрү бүт Жер шарына, көпчүлүгү Азия, Европанын климаты мелүүн жерлерине таралган. КМШ өлкөлөрүндө 2300дөн ашык түрү бар.