ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮЙНӨГӨ КӨЗ КАРАШ – курчап турган дүйнөнүн маани-маңызы, адам баласынын андагы орду, ага карым-катышы туурасындагы ой-тутумдардын, түшүнүмдөрдүн, аң-туюмдардын, ишенимдердин жыйындысы о. эле адамдардын жашаган чөйрөсүнө ж-а өздөрүнө карата мамилелерди аныктоочу тыянакталган принциптердин, идеялардын системасы. Д. к. к-тын теор. негизин философия түзөт. Мазмуну ж-а түрлөрү б-ча көп кырдуу, негизинен коомдук аң-сезимдин формалары м-н тыгыз байланыштуу. Айрыкча Д. к. к-тардын өзөгүн филос., ил., саясий, ыймандык, эстетикалык, диний окуулардын жоболору түзөт. Жалпысынан Д. к. к-тар демейки (күнүмдүк) диний ж-а филос. болуп бөлүнөт. Күндөлүк тирилик м-н байланышкан, коомдук ж-а жекече аң-сезимдин тажрыйбалык өзөгүн түзүп, дүйнө, адам ж-дөгү адаттагы салттуу түшүнүмдөрдү чагылткан дүйнө тааным – д е м е й к и көз караш; дүйнөнүн жаралышы, жашап турушу табияттан тышкаркы күчтөн деп эсептеген дүйнө тааным – д и н и й көз караш; ал эми дүйнөнү рухий ж-а практикалык өздөштүрүүнүн түпкү негиз, тамырларын теор. деңгээлде тыянактаган дүйнө тааным ф и л о с о ф и ял ы к көз караш болуп саналат. Өзүнүн мазмуну, багыты б-ча ар түрдүү же карама-каршы (ил. же ил. эмес, матер. же идеалисттик, атеистик же диний) болот. Дүйнөлүк глобалдашуу заманында жер жүзүндөгү элдердин Д. к. к-тары ургаалдуу түрдө массалык маданияттын үстөмөндүгү астында калып баратышы дүйнөлүк коомчулукту сестендирбей койбойт, анткени булардын адамзаттын рухий экологиясына, айрыкча адеп-ыйманына тийгизген терс таасири барган сайын арбууда.