ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮЙНӨ ТИЛДЕРИ – жер жүзүндө жашаган элдердин тилдери. Азыркы учурда дүйнөдө 6 миңден ашуун тил бар. Булардын ичинен эң кеңири тараганы ж-а сан жагынан көп киши сүйлөгөнү – кытай, англис, хинди, испан, араб, орус, немис ж. б. тилдер. Д. т-нин изилденүү деңгээли бирдей эмес. Ошондуктан аларды бөлүштүрүүдө көбүнчө тектештик белгилери жетекчиликке алынат. Бир тилден тараган, бир булактан келип чыккан жакын ж-а алыс тектеш тилдер тилдик семья, ал эми бир семьянын ичиндеги жакын тектеш тилдер тилдик топтор деп аталат. Д. т. негизинен, төмөнкүдөй семьяларга ж-а топторго бөлүнөт: 1. Алтай тилдеринин семьясы: курамына түрк (кыргыз, казак, өзбек, кара калпак, уйгур, түркмөн, татар, башкыр, кумук, карачай, балкар, азербайжан, түрк, гагауз, хакас, тува, алтай, якут, чуваш, шор ж. б.), моңгол (моңгол, бурят, калмак ж. б.), тунгус-манжу (эвенк, эвен, манжу, нанай, орок ж. б.) тилдеринин тобун, корей ж-а япон тилдерин камтыйт. Евразия кең мейкиндигине тараган түрк тилдери ич ара булгар, огуз, кыпчак, карлук, кыргыз (кыргыз-кыпчак) сыяктуу чакан топторго жиктелет. Корей, япон тилдеринин алтай семьясына тектеш экендиги алтаистикада кеңири белгиленип келе жатат. 2. Индевропа тилдеринин семьясы: герман (англис, немис, голланд, швед, исланд, латыш, литва ж. б.), роман (италян, француз, испан, португал, румын, молдова ж. б.), славян (орус, украин, белорус, поляк, болгар, серб, хорват ж. б.), иран (фарсы, пушту, тажик, осетин ж. б.), инди (инди, бенгал, урду, цыган ж. б.) топтору. 3. Кытай-тибет тилдеринин семьясы кытай, тибет, бирма, тай, лаос, дунган ж. б. тилдерди камтыйт. 4. Фин-угор тилдеринин семьясына фин (фин, эстон, коми, карел, веп, ижор ж. б.) ж-а угор (мажар) (венгр, мордва, марий, ханты, манси ж. б.) топтору кирет. Айрым окумуштуулар муну алтай семьясы м-н бириктирип, урал-алтай тилдеринин тектештиги деп карашат. 5. Семит-хамит тилдеринин семьясына семит (араб, иврит, ахмор, айсор, тигре ж.б.), хамит (кашит, бербер, чад ж. б.) топтору кирет. Байыркы аккад, арамей, финикий эстеликтеринин тили да ушул семьяга тиешелүү. 6. Кавказ тилдеринин семьясы грузин, сван, абхаз, адыгей, абазин, кабардин, чечен, ингуш, авар, лак, даргин ж. б. тилдерди камтып, Түн. Кавказ ж-а Түш. Кавказ топторуна бөлүнөт. 7. Дравид тилдеринин семьясы Түш. Индия м-н Шри-Ланкага тараган тамил, малаялам, каннада, телугу, куи, гонди ж. б. тилдерди камтыйт. 8. Австронезия тилдеринин семьясы: Индонезия, Филиппин, Малазия, Океания аймактарында жашаган көптөгөн элдердин тилдери. Д. т-инин ичинен Америка, Африка, Полеазия, Полинезия ж. б. чөлкөмдөргө тараган көп сандаган тилдердин чыгыш теги ил. жактан бүгүнкү күнгө чейин так аныктала элек.