ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН''' (Zamium) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк м-н капталган. Көп жылдыктарынын та­мыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең ке­силген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жо­горкулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт ж-а ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Кээси бакчаларда, айрымдары бадал­дардын, токойлордун арасында, капчыгайлар­да, таштын коңулдарында өсөт. | '''ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН''' (Zamium) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк м-н капталган. Көп жылдыктарынын та­мыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең ке­силген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жо­горкулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт ж-а ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Кээси бакчаларда, айрымдары бадал­дардын, токойлордун арасында, капчыгайлар­да, таштын коңулдарында өсөт. Орто Азияда, Алтайда, Жуңгар Ала-Тоосунда таралган, КМШ өлкөлөрүндө 15тей түрү, Кыргызстанда 2 түрү кез­дешет. | ||
өлкөлөрүндө 15тей түрү, | |||
''М. М. Ботбаева.'' | |||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
03:57, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН (Zamium) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк м-н капталган. Көп жылдыктарынын тамыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең кесилген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жогоркулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт ж-а ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Кээси бакчаларда, айрымдары бадалдардын, токойлордун арасында, капчыгайларда, таштын коңулдарында өсөт. Орто Азияда, Алтайда, Жуңгар Ала-Тоосунда таралган, КМШ өлкөлөрүндө 15тей түрү, Кыргызстанда 2 түрү кездешет.
М. М. Ботбаева.