ДҮРБҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ДҮРБҮ , т у р н а б а й – алысты жакындатып көрсөтүүчү оптикалык прибор. 1609-ж. 20 эсе жакындатуучу Д-нү Г. Галилей биринчи кураштырган ж-а астр. изилдөөдө колдонгон. Галилейдин Д-сүнөн сапаттуу Д-нү И. Кеплер сунуш кылган (1611). Ал оптикалык октору жарыш

болгондой бириктирилген эки көрүү түтүгүнөн турат. Жөнөкөй Д. объектив ж-а окулярдан куралган. Анын негизги касиети – жакындатып,
чоңойтуп ж-а ажыратып көрсөтүү. Ал Галилей Д-сү, призмалуу Д., түнкү көрүү Д-сү болуп бөлүнөт. Галилей Д-сүнүн фокус аралыгы оң, окулярыныкы терс болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет. Кеплердин Д-сү кеңири колдонулат. Азыркы Д-лөр алыстагы нерсени 2–22 эсе жакындата алат. Аскер ишинде согуш т ал аас ын бай к оо, бу т ал арды чал гындоо, жөнөкөй бурчтук ченөөлөрдү жүргүзүү ж-а аралыкты аныктоо үчүн колдонулат.