ГРЕКИЯ Республикасы: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЕ́КИЯ , Г р е к и я Р е с п у б л и к а с ы – Түш. Европадагы мамлекет. Балкан жарым аралынын түш. бөлүгүнөн ж-а ага жакын жаткан аралдардан (100дөн ашуун; ирилери: Крит, Эвбея, Родос, Лесбос ж. б.) орун алган. Г. түн.- батышынан Албания, түндүгүнөн Македония,

Болгария ж-а түн.-чыгышынан Түркия м-н чектешет. Түштүгүн Жер Ортолук, чыгышын Эгей, батышын Иония деӊиздери чулгайт. Аянты 132 миӊ км2. Калкы 11,0 млн (2021). Мамл. тили – грек тили. Борбору – Афины ш. Адм.-айм. жактан 51 номго (облуска) бөлүнөт. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан).
Мамлекеттик түзүлүшү
. Г. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1975-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик респ. Мамлекет башчысы – президент (ал парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Саясий партиялары: Жаӊы демократия партиясы, Жалпы грек соц. кыймылы, Солчул ж-а прогрессивдүү күчтөрдүн коалициясы ж. б.
Табияты.
Аймагынын 4/5 бөлүгүн орто бийиктиктеги тайпак тоолор ээлейт. Эӊ бийик жери – Олимп тоосу (бийикт. 2917 м). Деӊиз жээктери өтө тилмеленген. Эгей деӊизинин жээгин Фессалия, Салоник ойдуӊдары ээлейт. Климаты субтропиктик, жер ортолук деӊиздик. Январдын орт. темп-расы 4–12°С, июлдуку 25–27°С. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден (түздүктөрдө), 1500 ммге чейин (тоолордо). Дарыяларынын көбү кыска, жайында суусу тартылат, ирилери – Вардар, Марица, Стримон, Нестос (Места) ж. б. Көлдөрү: Преспа, Трихонис. Аймагынын 44%ин токой ж-а бадалдар ээлейт. Жалбырагы күбүлмө бадалдар – маквис, шибляк, Г-га мүнөздүү фригана, дайыма жашыл эмен, кипарис, платан кездешет. Күрөӊ ж-а күрөӊ тоо-токой топурагы басымдуу. Кен бай

лыктары: темир, марганец, полиметалл, никель, хром, боксит, күрөӊ көмүр ж. б. Улуттук парктары: Викос-Аоос, Микра-Пресна, Эта ж. б.
Калкынын
98% гректер. О. эле түрк, албан, болгар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Православие

динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 80 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 72, аялдарыныкы – 80 жаш. Шаар калкы 65,2%. Ири шаарлары: Афины

Салоники, Пиргос, Ираклион, Лариса, Волос.
Тарыхы
. Б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта азыркы Г-нын аймагында өнүккөн цивилизация пайда болгон (к. Грекия Байыркы). 395-ж. Г. Византия империясынын курамына кирген (к. Византия). 15-к-да Г-ны Осмон империясы басып алган (1453–1821). 1453-ж. Константинополь ш-н түрктөр ээлеген. Г. Румелия вилайетинин курамына кирип, түрк башкаруучулары тарабынан башкарылган. Түрктөргө каршы гректер бир нече жолу көтөрүлүшкө чыккан (1571-, 1611-жылдар ж. б.). 1822-ж. Г-нын Улуттук чогулушу алгачкы конституциясын кабыл алат. 1827-ж. апрелде Г-нын Улуттук чогулушу И. Каподистрияны президент кылып шайлайт. 1821–29-ж. улуттук-боштондук рев-ясынын натыйжасында, Лондон конф-ясынын чечими м-н 1830-ж. 3-февралда Г. көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланып, монархиялык башкаруу киргизилет. 18-к-дын 2-жарымында Г-да капиталисттик мамилелер өнүгө баштайт.

1912-ж. Г. Балкан союзун түзүүгө, 1912–13-ж. Балкан согуштарына, 1917-ж. 29-июнда (Антанта тарабында) 1-дүйнөлүк согушка (1914–18) катышат. Согуш Г-ны экон. кыйроосуна, финансылык кризиске ж-а ачарчылыкка алып келген. 1924-ж. 25-мартта уюштуруу Улуттук чогулушу Г-ны респ. деп жарыялайт. 1935-ж. Г-да монархия калыбына келтирилген. 1936-ж. 4-августта Г-да генерал И. Метаксастын аскердик-фашисттик диктатурасы орнойт. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында Г. бейтарап абалда турган. 1940-ж. 28-октябрда фашисттик Италиянын аскерлери Г-нын аймагын басып кирип, 14-ноябрдан кийин Г. армиясы тарабынан куулуп чыгарылат. 1941-ж. 6-апрелде Г-га фашисттик Германиянын аскерлери кирип, 2-июнда бүткүл өлкөнү басып алат. Король Георг II өлкөдөн качып кеткен. 1941-ж. 28-майда «Улуттук тилектештик» деп аталган алгачкы каршылык көрсөтүү кыймылы, Г-нын коммунисттик партиясынын демилгеси б-ча 1941-ж. 27-сентябрда Улуттук-боштондук фронту түзүлөт. 1941-ж. декабрда партизандык отряддар Элдик-боштондук армиясына (ЭЛАС) айланган. 1943-ж. күзүндө Г-нын ЭЛАС аймагынын 1/3 бөлүгү тарабынан оккупанттардан бошотулуп, ал жерлерде элдик демокр. бийлик кайрадан орнотулат. 1944-ж. 10-мартта иш жүзүндө убактылуу демокр. өкмөттүн функциясын аткарган Улуттук-боштондуктун Саясий к-ти түзүлөт. 1944-ж. майда түзүлгөн «улут биримдигинин» өкмөтү антифашисттик кыймылды жазалоо үчүн англ. аскерлерди Г-га чакырат. 1944-ж. октябрда өкмөт эмиграциядан Афиныга кайтып келет. 5-декабрда англ. аскерлер ЭЛАСка каршы чабуулга өтөт. 1946-ж. мартта парламенттик шайлоо өтүп (1946-ж. 1-сентябрь), натыйжада Г-да монархия калыбына келтирилген. Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө 400 миӊден ашык гректер курман болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Г-нын экономикасы Маршаллдын планы б-ча калыбына келтирилген. 1952-ж. Г. НАТОго мүчө болуп кирген. «Жалпы рынокко» кошулуу (1962) өлкөнүн экономикасынын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзгөн. 1963-ж. 22-майда Бирдиктүү демокр. солчул партиядан (ЭДА) парламенттин депутаты Г. Ламбракис өлтүрүлгөндөн кийин Улуттук радикалдык союздун (ЭРЭ) өкмөтү отставкага кетүүгө аргасыз болот. 1963-ж. ноябрда бийликке Г. Папандреу башында турган Борб. союз партиясы (1961-ж. негизделген) келет. Бир катар жалпы демокр. чараларды жүзөгө ашырып, ЭРЭ партиясы м-н макулдашууга багыт алган Папандреунун өкмөтү 1965-ж. 15-июлда королдун кысымынан отставкага чыккан. 1965-ж. 27-июлда Г-да конституциялык эркиндикти калыбына келтирүү талабын койгон 320 миӊ эмгекчи катышкан иш таштоо болгон, 1965-ж. иш таштоолорго 1 млндон ашык адам катышкан. 1967-ж. 21-апрелде мамл. төӊкөрүштүн натыйжасында аскердик диктатура орнотулган. Конституция жоюлуп, бардык демокр. партиялар ж-а уюмдар таркатылган. 1967-ж. декабрда король Константин төӊкөрүш жасоого аракеттенип, бирок анысы оӊунан чыкпай, Италияга качып кетет. Г-нын премьер-министрлигине аскердик хунтанын башчысы полковник Г. Пападопулос келет. 1968-ж. сентябрда аскердик диктатуранын тартибин мыйзамдаштырууга тийиш болгон жаӊы конституциянын долбоору б-ча референдум өткөрүлүп, шайлоочулардын 7,76% долбоорго каршы добуш берип, 22,5% референдумга бойкот жарыялаган. 1973-ж. 1-июнда Г-нын өкмөтү монархияны жоюу ж-а президенттик-парламенттик республиканы жарыялоо ж-дө билдирди. 1973-ж. июнда 1968-жылдагы конституцияны өзгөртүү ж-дө указ жарыяланган, ага ылайык президент Пападопулос аткаруу ж-а закон чыгаруу бийлиги жаатында кеӊири ыйгарым укуктарды алды. 1973-ж. 29-июлда конституциялык өзгөрүүлөр шайлоочуларга тикеден тике кысым көрсөтүү кырдаалында өткөрүлгөн референдумда бекитилген. Пападопулос өзү орноткон режимге болгон кысымды жеӊилдетүү максатында прогрессчилердин лидери С. Маркезинис жетектеген гражд. өкмөттү (1973-ж. октябрь) түзгөн. Бирок Пападопулос ишке ашырган өзгөртүүлөр кырдаалды турукташтыра албады. 1973-ж. ноябрда Афиныда ж-а Г-нын башка шаарларында жумушчу табы ж-а интеллигенция колдогон студенттердин массалык чыгуулары болуп өттү. Бийликтегилер бул нааразылыкты ырайымсыздык м-н басышты. 1973-ж. 17-ноябрда Г-да абал кайрадан оордойт, 25-ноябрда Г-да аскер төбөлдөрү төӊкөрүш жасап, натыйжада генерал Ф. Гизикис Г-нын президенти болуп калат. Бул аскердик жаӊы диктатура 1974-ж. 15-июлда Кипрде козголоӊ чыгарып, муну м-н өз беделин биротоло түшүрөт. Кипрдеги авантюра Г-дагы аскердик диктатура режиминин кулашына алып келген. 1974-ж. 24-июлда Г-да бийликке К. Караманлистин гражд. өкмөтү келет. Өкмөт саясий мунапыс жарыялап, Юра а-ндагы концлагерди жойду, Г-нын НАТОнун согуштук уюмунан чыгышы тууралуу жарыялаган. 1974-ж. 17-ноябрда Г-да парламенттик шайлоо болуп өткөн. Добуштардын көпчүлүгүн (54,37%, парламентте 220 орун) Жаӊы демократия партиясы (1974-ж. негизделген, лидери Караманлис) алды. Бириккен солчулдар блогу (Грекия КП ж-а ЭДА) добуштардын 9,45%ин (парламентте 8 орун) алды. 1974-ж. 8-декабрда өлкөнүн мамл. түзүлүшү ж-дө маселе б-ча референдум өткөрүлгөн. Г-да респ. түзүлүштү орнотуу үчүн шайлоочулардын 69,3% добуш берип, монархия жоюлуп, Г. респ. деп жарыяланган. Өлкөдө демокр. ин-ттар калыбына келтирилип, жаӊы конституция (1975) кабыл алынган. 1992-ж. Г. Европа союзуна мүчө болуп кирген.
Экономикасы.
Г. – индустриялуу агр. өлкө. ИДПнин көлөмү 294,3 млрд долларды (АКШ) түзөт, аны киши башына бөлүштүргөндө 24,5 доллардан туура келет. ИДПдеги өнөр жайдын үлүшү 16,2%, а. ч-ныкы 14,9%. Көмүр, боксит, пирит, никель, магнезит казып алынат. Каксос а-нда дүйнөдөгү эӊ ири наждак кени бар. 1994-ж. 40,6 млрд кВт•с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭСтен өндүрүлөт. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу, хим., нефть ажыратуу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Жеӊил ж-а тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. А. ч-нда дыйканчылык басымдуу

Дан эгиндери (негизинен буудай), кант кызылча, пахта, тамеки, тоо этектеринде жүзүм, субтропик жемиштери өстүрүлөт. Өлкө ички керектөөлөрүн толугу м-н (эт м-н сүттөн башкасын) камсыз кылат. Балык кармалат. Темир жолунун жалпы уз. 2 577 км, автомобилдики 116 000 км (а. и. 25 000 кми асфальтталган). Экономикада дагы бир өнүккөн тармагы кемечилик, 2 579 кеменин 984 кемеси башка өлкөлөрдүн желеги астында сүзөт. Деӊиз соода флотунун тоннажы 30,5 млн т дедвейт. Башкы порттору: Салоники, Пирей, Элефсис. Сыртка а. ч. продуктуларын, текстиль, боксит, никель, марганец, тамеки, кишмиш, зайтун жемиш майы, цитрус өсүмдүктөрү, пахта чыгарылат. Сырттан нефть, машина ж-а анын жабдууларын, минералдык сырьё, азык-түлүк ж-а күндөлүк керектелүүчү товарларды алат. Туризм өнүккөн (жылына 10 млн турист). Негизги соода шериктештери: Германия, Италия, Франция, Улуу Британия, АКШ, Сауд Арабиясы.
Маданияты
. Башталгыч билим берүү ж-дөгү биринчи мыйзам 1834-ж. кабыл алынган. Бешик үйү (ясли), бала бакчалары иштейт. Г-да 1964-ж. 9 жылдык акысыз билим берүү киргизилген. Орто мектепте 12 жыл окушат. Өлкөдө 17 ЖОЖ (а. и. 6 ун-т) бар; ирилери: Афины, Салоники ун-ттери, Афины политех. ин-ту ж. б. О. эле ири китепканалар, музейлер иштейт. «Акрополис», «Вима», «Неа», «Эстия», «Авги» ж. б. ири гезиттер чыгат. Расмий информ. агентчилиги 1895-ж. Афиныда, радиоуктуруусу 1938-ж. негизделген. Улуттук радиоуктуруу станциялары ж-а телекөрсөтүү корпорациясы бар. Г. – байыркы мад-ттын өлкөсү. Археол. ж-а Эллада мезгилинин арх-ралык эстеликтери м-н бүткүл дүйнөгө таанымал. Алар: Афины Акрополу, Дельфы, Коринф, Микены, Эпидавр, Олимпия. Жаӊы доордун арх-расы Афины ш-н куруу планы түзүлгөндөн кийин (1830-жылдан) өнүгө баштаган. Г-да арх. С. Клеантис, Л. Кавтадзоглу турак үйлөрдүн жаӊы тибин классикалык пропорция б-ча иштеп чыгышкан. 1920-жылдарда айрыкча порттуу шаарлар (Афины, Салоники ж. б.) кеӊейген: балкон-лоджиялуу турак үйлөр курула баштаган (арх. К. Кицикис). Арх-рага 20–30-жылдарда функционализм м-н классицизм таасир эткен. 50–60-жылдарда Афиныда курулуш күчөп, 19-к-дын салтындагы үйлөрдүн ордуна көп кабат имараттар, мейманканалар ж-а музейлер салынган. Жаӊы доордун сүрөт өнөрү 19-к-да гражд. темада иштеген портретчилердин салтында өнүккөн. Алдыӊкы живописчилер Мюнхен академизминин ыкмаларын колдонуп, элдик, улуттук темаларды (Н. Литрас, Н. Гизис) өздөштүрүшкөн. 20-к-дын ортосунда Г. Иск-восунда түрдүү багыттар пайда болгон. 60-жылдары модернисттик агым түзүлүп, кеӊири тараган. Г-нын улуттук профессионал музыкасы 19-к-дын 30-жылдарында калыптана баштаган. Н. Мандзарос «Азат гимни» (сөзү Д. Соломостуку) музыкасын жазып, анын фрагменти 1865-ж. улуттук гимн болуп бекитилген. Туӊгуч композитор С. Самарас Г-нын Олимпия оюндарынын гимнин жазган (1896-ж. 1-жолу Афиныда аткарылган). Г-нын улуттук жаӊы муз. мектебинин негиз салуучуларынын бири М. Каломирис Афиныда Грек ж-а Улуттук консерваторияны уюштуруп, бир нече опера м-н симф. чыгармалар жараткан. Грек муз. мектебине негиз салгандарга М. Варвоглис, Г. Ламбелет, Э. Риадис ж. б. кирет. 1920–30-жылдарда А. Незеритис, Т. Кариотакис, 1940–50-ж. М. Хадзидакис, М. Теодоракис, А. Паридис, М. Каллас ж. б. композитор, дирижёр, ырчылар өсүп чыккан. 60-жылдарда – Я. Глезос, С. Ксарханос, Х. Леонидис, М. Лоизос, Я. Маркопулос ж. б-дын ырлары Г-нын өзүндө гана эмес, чет өлкөлөргө да белгилүү болгон. Муз. аспаптары: лира, флейта, бузуки, мандолина, скрипка ж. б. Г-да Улуттук опера театры, 5 симф. оркестри


(а. и. Афины мамл., Афины радиосунун, Афины Улуттук опера театрынын), Дора Страту жетектеген ыр-бий ансамбли, Трикал ш-ндагы хор, Фали Византиу жетектеген кыздар хору, Улуттук консерваториялар, чоӊ шаарларда консерваториялардын филиалдары, бир нече муз. окуу жайлары бар. Афиныда жыл сайын музыка фестивалдары өтөт. Анда грек аткаруучулары ж-а музыканттары гана катышпастан, чет өлкөлөрдөн опералык, хор ж-а симф. коллективдер, солисттер да катышат. Жыл сайын Салоникиде белгилүү ырлардын фестивалы өтүп турат. 15-к-дан 19-к-дын 1-жарымына чейин жаӊы Г. театрынын өнүгүшүнө Осмон империясынын эзүүсү бөгөт болгон. Афиныда алгачкы спектаклдер 1836-ж. коюлган, бирок жерг. профессионал труппалар 19-к-дын 60-жылдарында гана пайда болгон. 19-к-дын ортосундагы көрүнүктүү актёрлор – П. Суцас, Д. Тавуларис ж. б. 19-к-дын аягында актёрлор Е. Параскевопулу, Е. Верони ж-а Шекспирдин каармандарынын ролун аткаруучу Н. Лекацастын аты чыккан. 1875-жылдан Афиныда театрлар салынып, көп труппалар уюшулган. 1930-ж. прогрессчил театр ишмери ж-а драматург В. Ротас Элдик театрды уюштурган. Бирок 20-к-дан баштап Г. театрларынын көпчүлүгү өз күчүн жоготуп, кризиске учураган. 1960-жылдан Г. театрынын репертуары кайрадан кеӊейтилип, анда Мольер, А. П. Чехов, И. С. Тургеневдин пьесалары, Ф. М. Достоевскийдин чыг-лары б-ча инсценировкалар коюлган. Г-да 1906-ж. туӊгуч хроника фильми, 1914-ж. «Афины-фильм» фирмасы уюштурулуп, тарыхый толук метраждуу фильмдер, 1928–31-ж. ири «Даг-фильм» фирмасында тарыхый, 1932-жылдан үндүү фильмдер тартылган. 50–60-жылдардан Г. кинематографиясы өз фильмдерин чыгарууга айрыкча көӊүл бурат. Өлкөдө аскердик бийлик орногондон кийин, кино ишмерлеринин көпчүлүгү камакка алынып, айрымдары чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон (1967–74). Аскердик диктатуранын акыркы жылдарында көркөм ж-а саясий фильмдер пайда боло баштаган: «Реконструкция» (1970), «36-жылдын күндөрү» (1972) – экөө теӊ реж. Т. Ангелопулостуку, «Аннаны кудалашуу» (реж. Вулгарис, 1972). Диктатура кулагандан кийин, ошол режимдин кылмыштуу окуялары тууралуу фильмдер пайда болгон: «Манифест» (реж. А. Лепениотис, 1974), «Нөл камерасы» (реж. Г. Смарагдис) ж-а «Күбөлүк» (реж. Н. Кавунидис) – экөө теӊ 1975-ж. чыккан. 1978-ж. жаӊы фильмдер – сатира ж-а грек коому ж-дө: «Түшүмдүү өрөөндүн жалкоолору» (реж. Н. Панаиотопулос) ж-а «Мырзалар» (реж. М. Манусакис) тартылган. 1977-ж. Еврипиддин «Ифигения» трагедиясы экрандаштырылган (реж. Каноянис, актриса И. Папастын катышуусунда). Өлкөдө «Финос» ж-а «Альфа» (1958) киностудиялары иштейт. 1974-ж. Кинематографисттер союзу уюштурулган. Афиныда улуттук киноархив бар. Белгилүү кинематографисттер: А. Вуюклаки, А. Фонсу, О. Карлатос, П. Зервос ж. б. Көрүнүктүү актёрлор: И. Папас, К. Паксину, М. Меркури ж. б.; режиссёрлор – М. Какоянис, Н. Кундурос, Р. Мантулис, Гривас ж. б. Грек фильмдерине музыка жазышкан композиторлор: М. Теодоракис, М. Хадзиндакис, С. Ксарханос, Х. Мурабас, Н. Маманганис, Г. Пападанис ж. б. 1960-жылдан Салоникиде улуттук, 1974-жылдан дүйнөлүк кинофестивалдар өтүп турат. Ад.: Добрынин Б. Ф., Физическая география Западной Европы. М., 1948; Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья. М., 1975; Греция//Новейший энциклопедический словарь. М., 2006; Всеобщая история искусства. Т. 1. М., 1956; Всеобщая история архитектуры. Т. 7. М., 1969; Музыкальная энциклопедия. Т. 2. М., 1974; Кино. М., 1986; История всемирной литературы. М., 1983; Сто великих писателей. М., 2000.