ДӨҢ-БУЛАК (Өзгөн районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ДӨҢ-БУЛАК 1 to ДӨҢ-БУЛАК (Өзгөн районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
|
08:20, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨҢ-БУЛАК – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1015 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара- Суу темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 1930-жылы орношкон. Калкы 3418 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ш. Санжаров туулган.