ДӨҢГӨЛӨК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
4 сап: | 4 сап: | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
09:32, 18 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ДӨҢГӨЛӨК – окто айлануучу тегерек диск же чабактуу алкак. Дөңгөлөк окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок м-н кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын башка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт каражатында болсо кыймылдын каршылыгын азайтат. Алгачкы Дөңгөлөк жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек тегирмен ташынан турган. Алгачкы Дөңгөлөк жыгач кесиндилеринен же үч пластинадан жасалган. Чабактуу Дөңгөлөк алгач б. з. ч. 2-миң жылдыкта бирибиринен алыс аралыкта жайгашкан Скандинавия, Кытай ж-а Месопотамия аймактарында жасалган. Байыркы арабаларда Дөңгөлөк окто айланган же окко бекем бекитилип, аны м-н чогуу айланган. Орто кылымда Европада Дөңгөлөк күпчөктөн ж-а дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азайтуу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина м-н алмашылган. Алгачкы чабактуу жеңил Дөңгөлөк 1808-жылы жасалып, чабактар алкак м-н күпчөктүн ортосуна радиус б-ча жайгашкан, бирок кийинчерээк кайчылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабактар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде ширетилген темир Дөңгөлөк колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү Дөңгөлөк пайдаланылат. Туташ резинадан жасалган шина 1890-жылы пневматикалык м-н алмаштырылган. Азыр Дөңгөлөк көпчүлүк машинада айлануу тездигин ж-а кыймыл багытын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу ж. б. кыймыл бергичте) үчүн колдонулат.