ЕВКЛИД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВКЛИ́Д (айрым маалыматтар б-ча б. з. ч. 325– 265-ж.) – байыркы грек математиги. Е-дин өмүрү ж-дө маалыматтар өтө аз. Е. болжол м-н б. з. ч. 3-к-дын башында Александрия ш-нда

иштеген. Негизги эмгеги 15 китептен турган жыйнак – «Негиздер» (лат. – «Эле­менттер»). Мында Е. ошол мезгилге чейинки математи­канын планиметрия, стерео­метрия ж-а сандар теория­сынын көптөгөн маселеле­ринин өнүгүшүн жалпылап, анын андан ары өөрчүшүнө түрткү берген (к. Евклид гео­метриясы). Ал астрономия, музыка, оптика ж. б. илимдер б-ча да эмгек жазган. Анын жогорку математикага тиешелүү, 4 китептен турган «Конустук кесилиштер» ж. б. чыгармалары бизге жеткен. Алардын гр. түп нус­касы ж-а лат. котормосу, о. эле кийинки ав­торлордун түшүндүрмөлөрү м-н «Euclidis opera omnia» ed. I. L. Heibert et H. Menge, V. 1–9, 1883–1916-жылкы басылышында жыйналган. Е-дин «Негиздери» 1948–50-ж. орус тилине ко­торулуп, жарык көргөн.