ЕВРЕЙ АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРЕ́Й АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ – Россия Феде­рациясынын субъектиcи. Россиянын Ы. Чы­гыш федерация округуна кирет. Амур боюнда жайгашкан. Облус 1934-ж. 7-майда уюшулган. Кытай м-н чектешет. Аянты 36 миӊ км2. Кал­кы 186,5 миӊ (2006). Борбору – Биробижан ш. Шаар калкы 66,3%. Адм.-айм. жактан 5 адм. районго, 2 шаарга, 11 шаарчага бөлүнөт. Облус­та орус (89,9%), украин (4,4), еврей (1,2), татар, беларус ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Табигый аймагынын 12% коргоого алынган. Алар Бас­так коругу, 6 заказник, 25 табият эстелиги (а. и. гидрол., геол., ботаникалык ж. б. бар). Түн.-ба­тышы м-н түндүгүндө Кичи Хинган ж-а Бурея кырка тоолору (бийикт. 1421 м), түш.-чы­гышында Ортоӊку Амур ойдуӊу орун алган. Климаты мелүүн муссондук. Январдын орт. темп-расы –21…–25°Сден (түздүктөрүндө) –30°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 20–22°С, жылдык жаан-чачыны 500–800 мм. Негизги дарыясы – Амур. Токойдун күрөӊ, шалбаа-саз ж-а аллю­вий топурактары мүнөздүү. Аймагынын 1/ ин токой ээлеп, анда ийне жалбырактуу токой ба­сымдуу. Кен байлыктардан темир, марганец, ка­лай, алтын, көмүр, графит, тальк, брусит ж. б. казылып алынат. Кульдур курорту иштейт. Региондун дүӊ продукциясы 4782,8 млн рубл­ди түзөт; андагы ө. ж-дын үлүшү 15,3% (2001). Башкы ө. ж. тармактары: курулуш материал­дары, электр-энергетика, машина куруу, жыгач­чылык, целлюлоза-кагаз, жеӊил. О. эле «Зима» кийиз чокой ж-а кондитер ф-калары, эт комби­наты иштейт. Күрөӊ көмүр, магний казылып алынат. Региондун дүӊ продукциясында а. ч-нын үлүшү 13,9% (2001). А. ч-га жарактуу жери 537,2 миӊ га (жер фондунун 14,8%), а. и. айдоо аян­ты 17,2%. Дан эгиндери, соя, картөшкө, жа­шылча айдалат. Тех. өсүмдүктөр басымдуу (61,8%). Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы ж-а чоч­ко асыралат. Аары чарбасы өнүккөн. Т. ж-нун уз. 513 км, автомобилдики 1533 км, суу жолунуку 685 кмдей. Амур ж-а Тунгуска д-нда кеме жүрөт. Төрт ЖОЖ, 2 театр, фи­лармония, 3 музей, обл. китепкана (2003) бар.

Ад.: Еврейская автономная область//Большая Рос­сийская энциклопедия. Т. 9. М., 2007. Р. Карачалова.