ЕВРОПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРО́ПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС) (European Union) – Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий ж-а экон. бирикмеси (1993-ж. чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Герма­ния, Грекия, Дания, Ирландия, Испания, Ита­лия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Маль­та, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Улуу Британия, Финлян­дия, Франция, Чехия, Швеция, Эстония. ЕС Европа Экон. Биримдигинин (1957-ж. Рим ке­лишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») ж-а Атом энергиясы б-ча Ев­ропа биримдигинин (1957-ж. негизделген) неги­зинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Ев­роп. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) ж-а Ницца (2003) ке­лишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдер­ди алмаштырууга багытталган ЕСтин Консти-


Европа союзуна мүчө мамлекеттердин башчылары Лиссабон келишимине (13.12. 2007) кол коюу салтанатында.

туциясы иштелип чыккан, бирок ал союзга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялан­гандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европ. жарандыкты киргизүү; эркин­алып салынган. Ошол эле учурда ар бир өлкө ЕЭCАга кирбеген өлкөлөргө карата өзүнүн им­порттук бажы салыктарын ж-а башка соодалык чектөөлөрүн сактаган. ЕЭCАда улуттук органдар жок. Штаб-квартирасы Женева да, жетекчи, органы – Министрлер Cовети‚ анда ар бир өлкө бир добушка ээ. Cоветтин чечими‚ эреже ката­ры‚ бир добуштуулук принцибине ылайык ка­был алынат. Аткаруучу органы – Cекретариат.