ЕВФРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВФРА́Т – Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат ж-а Кара-Суу д-нын кошулушунан пайда болот. Уз. (Мурат д-нын башталышынан Тигр м-н кошулганга че­йинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миӊ км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире пла­тосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөн­кү агымында Тигр д-на кошулуп, Перс булуӊу­на куйган Шатт-эль-Араб д-н түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орт. чыгымы Хит ш. тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга че­йин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазис­тер көп). Е-ка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Ра­мади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) ш. орун алган. Е. м-н Тигр-

Евфрат. Сириядагы Дейр-эз-Зор шаары тушта.

дин аралыгы байыркы цивилизациянын очо­гу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония мака­лаларын), байыркы Вавилон ш. Е-тын боюнда турган.