ЕГИПЕТ (Байыркы): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕГИ́ПЕТ Б а й ы р к ы – Африканын түн.-чыгышында, Нил д-нын төмөнкү аймагындагы байыркы мамлекет. Египеттин аймагы – б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта түзүлгөн цивилизациянын эӊ байыркы очокторунун бири. Е. аймагында адам баласы палеолит доорунда эле жашаган. Байыркы көчмөн уруулар жемиш чогултуп, аӊ- чылык кылышкан, кийинчерээк балык уулай башташкан. Алардын арасында протосемит, бербер ж-а кушит уруулары болгон, алар өз ара аралашып, натыйжада б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка карата египет эли калыптанат. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын орто ченинде Төмөнкү Е. ж-а Жогорку Е. падышалыгы пайда болот. Б. з. ч. 3000-ж. ченде Түштүктүн падышасы Менес (Мена) Төмөнкү Египетти басып алып, бир падышалыкка бириктирген.
Алгачкы падышалык
мезгилде (б. з. ч. 3000–2800-ж. чен, алгачкы эки династия башкарган) сугат чарбасы, жез куралдары, карапа жасоо өнөрү өнүгүп, соода-сатык кеӊейген; мамл. аппарат түзүлүп, адм. округдар (номдор) бөлүнүп чыккан, талоончул жортуулдар жасалып турган.
Байыркы падышалык
(б. з. ч. 2800–2250-ж. чен) Жосер династиясынын сурагы м-н башталган. Бул мезгилде а. ч., соода, кол өнөрчүлүк андан ары өнүгүп, туруктуу аскерлер пайда болот. Байыркы падышалык мезгилдин аяк ченинде номдордо жерг. ак сөөктөр күчтөнүп, борб. бийликке каршы чыккан. Е-тин алгачкы ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 2250–2050-ж.

ченде) өлкө өз ара касташкан номдорго ж-а майда мамлекеттерге бөлүнүп (б. з. ч. 23–22-к.), чарбасы бүлүнгөн. Өлкө кийин (2050-ж. ченде) Ментухотеп IIнин тушунда гана кайрадан бириккен. Ортоӊку падышалык мезгилинде (б. з. ч. 2050– 1700-ж. ченде) XII династия башкарган. Файюм оазисинде ири сугат иштери жүргүзүлүп, жез куралдары колдонулган. Кулдардын эмгеги пайдаланылган. Өз ара согуштар көп болуп, Аменемхет IIIнүн мезгилинде (б. з. ч. 19-к-дын 2- жарымы) гана борб. бийлик бекемделген. Мүлктүк теӊсиздиктин күчөшү элдик көтөрүлүшкө

алып келген. Е-тин экинчи жолку ыдыроо мезгилинде (б. з. ч. 1700–1580-ж. ченде) 1700-ж. Египетке түн.-чыгыштан гиксос уруулары басып кирип, өлкөнүн көп бөлүгүн 110 жыл бийлеп турушкан. Аларды XVII династиянын негиздөөчүсү Яхмос I (Амасис) 1580-ж. ченде Египеттен кууп чыккан.
Жаӊы падышалыктын
(б. з. ч. 1580–1070-ж. ченде) убагында коло кеӊири пайдаланылып, темир буюмдар пайда болгон, металл иштетүү техникасы өркүндөп, жеке кул ээлик күчөгөн. Яхмостун мурасчылары Тутмос I, Тутмос II, Аменхотеп II Сирия, Палестина ж. б. жерлерди басып алышкан, Вавилон, Хетт падышалыгы ж. б. мамлекеттер м-н дипл. мамиле түзгөн. Бирок, фараондор м-н жрецтердин өз ара күрөшүнөн начарлаган Е. 14-к-дын 1-жарымында түндүктөгү бардык жерлеринен ажырап калган. XIX династиянын көрүнүктүү өкүлү Рамсес IIнин тушунда Е. Сириянын айынан хеттер м-н согушуп, натыйжада Палестина м-н Түш. Сирияны кошуп алган, бирок, XX династиянын сурагынын аяк ченинде Сириядагы ж-а Куштун


түш. аймактарындагы жерлеринен ажыраган, ал эми Рамсес XIIнин тушунда (б. з. ч. 1070-ж. ченде) Фивыдагы бийлик иш жүзүндө Амон кудайынын жогорку жреци Херихордун колуна өткөн. Кеч ж-а перс мезгилинде (б. з. ч. 1070– 332-ж. ченде) Е-тин бардык жеринде темир курал урунуу, акча жүгүртүү өнүгөт. 11-к-дын аягы – 10-к-дын башында Е. дагы ыдырап, 8-к-дын 2-жарымында Куштун (XXV династия), ал эми 671-жылдан ассириялыктардын бийлигине өтөт. Саистин башкаруучусу Псамметих Iнин тушунда Е. Ассирия бийлигинен кутулат, бирок б. з. ч. 525-ж. кайрадан перстерге көз каранды болот, 404-ж. ченде алардан убактылуу бошонот. Б. з. ч. 332-ж. Е-ти Александр Македонский биротоло каратып алат. Грек-Рим мезгилинде (б. з. ч. 332 – б. з. 395-ж.) Е. эллиндик (к. Эллинизм) дүйнөнүн бир бөлүгүнө айланат, анда кол өнөрчүлүк м-н сооданын жаӊы борборлору пайда болот, соода байланышы кеӊийт. Б. з. ч. 2-к-дын аягында Е. экон. ж-а саясий кризиске учурайт, б. з. ч. 30-жылда Египет Рим империясынын провинциясына айланат. Рим империясы бөлүнгөндөн кийин (б. з. 395-ж.) Византиянын курамына кирет. 619-ж. аны Персия падышасы Хосров II каратып алат. 639–642-ж. Е-ти арабдар басып алат (к. Египет).
Маданияты
. Е-тин ад-ты дүйнөдөгү байыркы
ад-ттардын бири. Ал б. з. ч. 4-миӊ жылдыктын акырынан башталат. Эмгек ырлары Байыркы падышалык мезгилиндеги (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) күмбөз беттеринен табылган. Ад-ттын гүлдөп өнүгүшү Орто падышалык (б. з. ч. 21– 18-к.) мезгилине туура келет. Күмбөз такталары м-н дубал беттеринде, папирустарда ж-а диний жыйнактарда («Пирамида тексттери»,
«Өлгөндөрдүн китеби») кудайларга жазылган гимндер сакталган. Е. ад-тынын көп сюжеттери байыркы грек, копт ж-а о. кылымдагы Чыгыш ад-ттарынан келип кирген.
Е-те ири шаарлар, чептер ж-а ирригациялык курулмалар тургузулган. Таш храмдар, ак са-


райлар, өлүк коюучу жайларынын арх-расы монументтүүлүгү м-н айырмаланат. Байыркы падышалык доордо (б. з. ч. 3-миӊ жылдыкта) маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) ж-а пирамидалар (алгач формасы тепкичтүү – Саккарадагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада – Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидалары) ж. б. формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлөт. Монумент скульптураларга (фараондордун статуялары) формасынын чоӊдугу, лаконизм, геометриялуулук мүнөздүү. Зыярат очогу болгон фа-

раондордун сөөгү коюлган храмдар өтө чоӊ курулган. Ал храмдарды (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, сфинкс аллеялуу храмдар) куруу Жаӊы падышалык доорунда (б. з. ч. 16–11-к.) күч алат. Эхнатондун учурунда (б. з. ч. 1400-к-дын 3-чейреги) рельефтүү композициялуу ж-а статуялуу зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүгөт. Б. з. ч. 4-к-дан Е-тин исквосу эллада сүрөт өнөрүнүн ж-а арх-расынын ажырагыс бөлүгү катары кирет. Е-те 7-к-дан жаӊы мад-т калыптанат. Байыркы падышалык мезгилде (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) сакталып калган ырчылар м-н аспапчылардын сүрөттөрү тартылган барельеф Е-те музыка чоӊ мааниге ээ экендигин далилдейт. Б. з. ч. 4-миӊ жылдыкка чейин эле Е-те хейрономия өнөрү болгон. Е-тин муз. аспаптары: арфа, флейта, лира, лютня, барабан, систр ж. б. Е. музыкасынын жазма эстеликтери сакталган эмес. Окумуштуулар муз. чыгармалардын калдыктары копт элинин азыркы фольклорунда сакталып калган деп божомолдошот.
Ад.: Перепелкин Ю. Я. История древнего Египта. М., 2001; Демидчик А. Е. Безымянная пирамида. Государственная доктрина древнеегипетской Гераклеопольской династии. СПб., 2005; Культура Древнего Египта. М., 1976.