ЕГИПЕТ ТИЛИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕГИ́ПЕТ ТИЛИ''' – байыркы египеттиктердин | '''ЕГИ́ПЕТ ТИЛИ''' – байыркы египеттиктердин тили. Биздин замандын 5-кылымынан сүйлөнбөй калган (өлүү тил). Семит-хамит тил уясына кирет. Байыркы, орто, жаӊы жана кийинки Еги тили деп бөлүнөт. Байыркы Еги тили (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) – архаикалык байыркы падышалык жазуу эстеликтеринин тили. Орто Еги тили (б. з. ч. 22–16-к.) адабий тилге калыптанып, көркөм чыгармалар жазылган; морфологиялык, синтаксистик, орфографиялык туруктуу фор­мага ээ болгон. Биздин заманга чейинки 16–8-кылымды камтыган жаӊы Еги тилинде иш кагаздары, расмий документ­тер, көркөм чыгармалар жазылып, классика­лык тил деп аталган да, ошол кездеги өнүккөн тилге айланган: этиштин жакталышы жардам­чы этиштер аркылуу берилип, артикль пайда болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп ай­тылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. Биздин заманга чейинки 8 – биздин замандын 5-кылымынан кийинки Еги тили туура келет. Бул мезгилде тексттер элдик оозеки сөз (речь) аркы­луу жазылган. Еги тилиндеги өнүгүүнүн акыркы баскычы – Египеттин христиандашкан эли сүйлөгөн – копт тили. Бул тил биздин замандын 3–4-кылымында пайда болуп, 17-кылымга чейин (араб тили сүрүп чы­гарганга чейин) колдонулган. Еги тили толук изил­дене элек. Анын фонетикасын изилдөө өтө та­таал, анткени үндүү тыбыштар жазууда өзүнчө тамга менен туюнтулбаган. | ||
тили. | |||
болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп ай­тылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. | |||
Ад.: ''Петровский Н. С.'' Египетский язык. Л., 1958; ''Коростовцев М''. Египетский язык. М., 1961. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | Ад.: ''Петровский Н. С.'' Египетский язык. Л., 1958; ''Коростовцев М''. Египетский язык. М., 1961. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
03:16, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕГИ́ПЕТ ТИЛИ – байыркы египеттиктердин тили. Биздин замандын 5-кылымынан сүйлөнбөй калган (өлүү тил). Семит-хамит тил уясына кирет. Байыркы, орто, жаӊы жана кийинки Еги тили деп бөлүнөт. Байыркы Еги тили (б. з. ч. 3-миӊ жылдык) – архаикалык байыркы падышалык жазуу эстеликтеринин тили. Орто Еги тили (б. з. ч. 22–16-к.) адабий тилге калыптанып, көркөм чыгармалар жазылган; морфологиялык, синтаксистик, орфографиялык туруктуу формага ээ болгон. Биздин заманга чейинки 16–8-кылымды камтыган жаӊы Еги тилинде иш кагаздары, расмий документтер, көркөм чыгармалар жазылып, классикалык тил деп аталган да, ошол кездеги өнүккөн тилге айланган: этиштин жакталышы жардамчы этиштер аркылуу берилип, артикль пайда болгон, сөз аягында тыбыштын түшүрүлүп айтылышы фонетикасын кыйла өзгөрткөн. Биздин заманга чейинки 8 – биздин замандын 5-кылымынан кийинки Еги тили туура келет. Бул мезгилде тексттер элдик оозеки сөз (речь) аркылуу жазылган. Еги тилиндеги өнүгүүнүн акыркы баскычы – Египеттин христиандашкан эли сүйлөгөн – копт тили. Бул тил биздин замандын 3–4-кылымында пайда болуп, 17-кылымга чейин (араб тили сүрүп чыгарганга чейин) колдонулган. Еги тили толук изилдене элек. Анын фонетикасын изилдөө өтө татаал, анткени үндүү тыбыштар жазууда өзүнчө тамга менен туюнтулбаган.
Ад.: Петровский Н. С. Египетский язык. Л., 1958; Коростовцев М. Египетский язык. М., 1961.