ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

07:54, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫНЫН ЖУӉГАРИЯГА КӨЧҮРҮЛҮШҮ–17-к-дын башында Жуӊгар

коӊтаажысы Цеван Рабдан (1699–1727) тара­бынан жүргүзүлгөн саясий иш-чара. Ал Борб. Азияда түзүлгөн саясий кырдаалды, Кытай м-н Россия тараптан болгон коркунучту эске алып, Эмел-Гол д-нын боюндагы ж-а Түш. Сибирдин көчмөн калкын (кыргыз, телеут, мингат) ордосуна жакын көчүргөн. Буга неги­зинен Пётр Iнин Томск, Краснояр, Кузнецк ш-нын аскер башчыларына «кыргыздарды күч м-н тынчтандыргыла» деген көрсөтмөсүнө ыла­йык 1701–02-ж. орус аскеринин бир нече ирет жортуулу себеп болгон. Ошондуктан, орустар­дын Минуса ойдуӊуна умтулушу кыргыздарды өзгөчө чочулатып, алар орус чыӊдоолоруна кар­шы жортуулун күчөткөн. Мындай кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн Цеван Рабдан 1701-ж. орустарды кыргыздар м-н жараштырууга ата­лаш иниси Аба-зайсаӊды жөнөтөт, бирок, ал бул буйрукту аткара алган эмес. Натыйжада орустар кыргыздар мекендеген жерлерге кирип, чыӊдоо курууну уланта беришкендиктен, ага жооп катары кыргыздар Абакан, Уйбат ж. б. жерлерге курулган чыӊдоолорго чабуул жасап, сепилдерди өрттөп, коргоочуларын туткундап турушкан. Бирок, салыштырмалуу аз сандуу кыргыздар орустардын аскер күчүнө туруштук бере алган эмес. Ушул жагдайларга байланыш­туу 1703-ж. июнь айында Цеван Рабдан кыр­гыздарды ж-а кыргыздарга караган кыштым­дарды Жуӊгарияга көчүрүүгө буйрук берген. Кыргыздар жуӊгар аскеринин көзөмөлү алдында Абакан өрөөнүндөгү Аскиз д-нын куймасына чогултулуп, кеч кирип, таӊ аткан сайын ар бир айылдын калкы санак ташты бирден таштап, санактан өтүп турушкан. Калган таштын неги­зинде жашынып калгандардын саны аныктал­ган. Абакан өрөөнүндөгү үйүлгөн дөбө таштар (обаа) ошондон калып, аны хакастар «хыргыс тастары» деп атап калышкан. 20 миӊден ашуун кыргыздар жуӊгар аскерлеринин көзөмөлү астында малы, үй-мүлкү м-н Жуӊгарияга же­тишкен. Алар 4 кыргыз аскер башчысынын жетекчилиги алдында коӊтаажынын ордосуна жакын жайгашып, 4000 түтүндөн турган өзгөчө кыргыз отогун (цирцзизилер) түзүшкөн. Бул отокко кыргыздар м-н кошо кыштым-модар, белтир, ариндер ж. б. кирген. Кыргыз аскер баш­чылары Корчун Еренак уулу, Тангыт Таин Эр­кин, Шорла Мерген Тайша ж. б. жуӊгар ханына кызмат кылып калышкан. Бирок, айрым орус кабарларында кыргыздарга караган кыштым­дардын айрым бөлүктөрү өз жеринде калып калганы эскерилет. Кийин да алардын айрым бөлүктөрү топ-тобу м-н же жалгыздап өз жерине кайтып келишкен. 1757-ж. кыргыздардын не­гизги бөлүгү кайтып келе жатканда Цин аскери аларга буктурмадан кол салып, кырып салган. Аман калган бөлүгү Манжурияга көчүрүлгөн. Кийин алар Фу-йү кыргыздары деген ат м-н белгилүү болуп калган. 18-к-да Россия, Цин им­периялары, Жуӊгар хандыгынын курчоосунда енисей кыргыздары согуш, көчүрүү саясатынан кырылып, Саян-Алтайдагы үстөмдүгү аяктаган. Азыркы Түш.-Батыш Моӊголия, Тарбагатай­дагы (КЭР) этностук топтор («хыргыс», «шира хыргыс», «хан хыргыс» ж. б.) ошол доордон ка­бар берет. Е. к. Ж. к-нүн себеби ж-а жагдайы окумуштуулар тарабынан кеӊири изилдене элек.

Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Самаев Г. П. Горный Алтай в XVIII – середина XIX в.: Проблемы политической истории и присоединения к России. Горно-Алтайск, 1991.

О. Каратаев. 14*