ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , Е в р а з и я ч ы л к ы й­м ы л – 20-к-дын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коом­дук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идео­логдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алек­сеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде им­перия ж-а улут катары өнүккөн улуу евразия­лык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европ. цивилизациянын чет­жакасы эмес, чыгыш ж-а батыш мад-ттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдын­ча цивилизация. Алар өздөрү ж-дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнак­тарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын бор­борлору Софияда, Прагада, Берлинде, Бел­градда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою б-ча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түш.-чыгышка чек­теш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл 12–133


болууга андагы элдердин геогр. жактан гана жа­кындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштук­тары да бириктирет. Евразиялык элдердин ру­ханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый таг­дырларынын жалпылыгы алардын мад-тынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бир­диктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кый­мылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган мад-т гана «адам рухун жогорулатуучу дөө­лөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою б-ча, ар кандай улуттук мад-т диний кыртыш­тан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизм­ден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этика­лык жалпылыктарды көрүшкөн.