ЕВРЕЙЛЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРЕЙЛЕР (өздөрүн йегудим, идн деп аташат) – эл, Израилдин негизги калкы. АКШ, Франция, Россия, Украина, Улуу Британия, Аргентина, Канада, Бразилия, Беларуссия, Венгрия, Бельгия, Италия, Нидерланд, Германия, Молдавия, Иран, Мексика, Австралия, Швейцария, Румыния, Индия, Түркия, Уругвай, Чили, ТАРда да жашашат. Жалпы саны 13,3 млн киши, а. и. Израилде 5,4 млндой (2006). Е. иврит, идиш, о. эле жашаган аймактагы жерг. калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаисттер. Е. диаспорада ашкеназ ж-а сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн. Еврей этносу б. з. ч. 2- миӊ жылдыкта Ханаан (азыркы Израиль) аймагында калыптанган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыкта байыркы еврей мамлекеттери – Израиль ж-а Иудея падышалыктарын Ассирия (б. з. ч. 722-ж.) ж-а Вавилония (б. з. ч. 586-ж.) багындырган соӊ, Е. дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кеткен. Е-дин бир бөлүгү Ж. Чыгыш, Түн. Африка ж-а Түш. Европа, а. и. байыркы түрк мамлекети Хазар кагандыгынын аймактарына отурукташкан. О. кылымдарда Е. Европа м-н Азия аймактарына көчүп келип, жерг. калктар м-н аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тиричиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүйнөлүк согуш убагында гитлерчилердин Е-ди кырып-жоюуга багытталган саясатынын негизинде 6 млн чамалуу Е. набыт болгон. Согуштан кийин европ. Е-дин көпчүлүгү АКШ ж. б. өлкөлөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими б-ча Израиль еврей мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги Е. дубал м-н курчалган кварталдарда (гетто, жудерия, меллах, махалля) жашашкан. Е-дин синагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган костюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, каф-

тан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маӊдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кепчач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Е. 19-к-дын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кырг-нга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миӊ еврей жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-ж. Кырг-н Еврей мад-т коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Еврей мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.