ЕВРОВАЛЮТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРОВАЛЮ́ТА (англ. еurocurrency) – европа өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан‚ бирок ал өлкөнүн улуттук валютасы болуп эсептелбеген валюта. Мис.‚ Швейцария банкында депонирленген доллар евродоллар; Германияда депонирленген иен евроиен деп аталат ж. б. Е. кредиттерди ж-а карыздарды берүүдө пайдаланылат; Е. рыногуна көбүнчө эл аралык сооданы финансылоо ж-а чет өлкөлүк инвестициялар үчүн өтүмдүү каражаттардын арзан ж-а ыӊ- гайлуу түрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Негизги карыздакорлор ж-а кредиторлор коммерциялык банктар‚ ири компаниялар ж-а борбордук банктар болуп саналат. Депозиттер ж-а ссудалар көбүнчө кыска мөөнөттүү болот.