ЕВРОВАЛЮТА РЫНОГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРОВАЛЮ́ТА РЫНОГУ – 1) өлкөнүн чегинен тышкары – эмитенттердин валюталарында (евровалюта деп аталуучу) ишке ашырылуучу накта акчасыз депозиттик-ссудалык операциялардын топтому; 2) кыска мөөнөттүү ж-а орто мөөнөттүү кредиттердин эл аралык рыногу. Е. р. 20-к-дын 50-жылдарынын аягында – 60-жылдардын башында евродоллар рыногу катары пайда болгон. Ал Лондондо‚ Франкфуртна-Майнеде‚ Люксембургда, Батыш Европанын негизги финансы борборлорунда жайгашкан ири ж-а орто коммерциялык банктардын тобунан (500дөн ашуун) турган. Евродоллар рыногу 60- жылдардын аягында Европадан тышкары (Багам ж-а Кайман а-на‚ Японияга‚ Cингапурга‚ Канадага‚ Бахрейнге) тараган. Кийинчерээк ГФРдин маркасында‚ Швейцариянын франкында‚ Англиянын фунт стерлингинде‚ Япониянын иенинде ж-а ЭКЮда ишке ашырыла баштаган.