ЕВРОПА ВАЛЮТА БИРДИГИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы

ЕВРО́ПА ВАЛЮ́ТА БИРДИГИ (ЭКЮ) ( European Currency Unit‚ ECU) – эл аралык валюта бир­дигинин бир түрү, Европа валюта системасы­нын (1979–80) негизи. Cебеттеги ар бир валю­танын үлүшү өз ара сооданын‚ улуттук продук­тунун ж-а өлкөнүн кредиттик жардам механиз­мине катышуусунун салыштырма салмагын эсепке алууга эсептелген. Бул үлүштөр 5 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш болгон. Ушундай экинчи кароодон (1989) ки­йин ЭКЮнун маанилүү компоненти ГФР мар­касы (30‚1%)‚ андан кийин француз франкы (19%)‚ фунт стерлинг (13%)‚ голландия гульде­ни (9‚4%)‚ италия лирасы (10‚15%)‚ бельгия франкы (7‚6%) болуп калган. ЭКЮ жүгүртүү ка­ражаттары ж-а эсеп бирдиги катары 1979-ж. кир­гизилген ж-а Европа валюта системасынын ре­зервдик активи ж-а эсептешүү бирдиги катары кызмат кылган. Расмий ЭКЮнун эмиссиясын Европа валюта кызматташтыгынын фонду ишке ашырган. 1999-жылдын 1-январынан Е. в. б. еврого алмашылган.