ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА ПАРЛАМЕНТИ (ЕВРОПАРЛАМЕНТ) – Европа Союзунун (ЕС) өкүлдүк органы. ЕСке кирген өкүлдөр өлкөлөрдүн шайлоочулары тарабынан жалпы тике шайлоо м-н 5 жылдык мөөнөткө ал мамлекеттердин калкынын санына жараша (жалпы 732 депутат) шайланат. Е. п. ЕСтин бюджетин бекитет, эл аралык келишимдерди ратификациялайт, консультациялык ж. б. функцияларды аткарат. Е. п-нин кезектеги сессиялары Страсбург ш-нда (Франция), чукул чакырылган сессиялары Брюссель (Бельгия) ш-нда өткөрүлөт. Генералдык секретариаты Люксембургда, штаб-квартирасы Страсбург ш-нда жайгашкан.