ЕВРОПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА СОЮЗУ (ЕВРОСОЮЗ, ЕС) (European Union) – Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий ж-а экон. бирикмеси (1993-ж. чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Грекия, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Улуу Британия, Финляндия, Франция, Чехия, Швеция, Эстония. ЕС Европа Экон. Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») ж-а Атом энергиясы б-ча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) ж-а Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Консти-

туциясы иштелип чыккан, бирок ал союзга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европ. жарандыкты киргизүү; эркиналып салынган. Ошол эле учурда ар бир өлкө ЕЭCАга кирбеген өлкөлөргө карата өзүнүн импорттук бажы салыктарын ж-а башка соодалык чектөөлөрүн сактаган. ЕЭCАда улуттук органдар жок. Штаб-квартирасы Женева да, жетекчи, органы – Министрлер Cовети‚ анда ар бир өлкө бир добушка ээ. Cоветтин чечими‚ эреже катары‚ бир добуштуулук принцибине ылайык кабыл алынат. Аткаруучу органы – Cекретариат.