ЕВРОПА ИНВЕCТИЦИЯ БАНКЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЕВР ОПА И НВЕCТ И ЦИ Я БАНКЫ to ЕВРОПА ИНВЕCТИЦИЯ БАНКЫ) |
(Айырма жок)
|
03:52, 21 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЕВРО́ПА ИНВЕCТИ́ЦИЯ БАНКЫ (Е И Б ) (Europеan Investment Bank) – Европа экономикалык коомунун (ЕЭК) өкмөттөр аралык финансы-кредит уюму. 1957-жылдын 25-мартындагы Европа экономикалык коомун түзүү тууралуу Рим келишимине ылайык уюштурулган. 1959-жылдан иштей баштаган. ЕЭКке мүчө өлкөлөр банк мүчөлөрү болуп саналат. Люксембург шаарында жайгашкан, Лондондо‚ Римде‚ Брюсселде‚ Афиныда‚ Лиссабондо бөлүмдөрү бар. М и л д е тт е р и: 1) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин анча өнүкпөгөн райондорун тез арада өздөштүрүү үчүн узак мөөнөттүү кредит берүү жолу м-н көмөк көрсөтүү; 2) жаӊы ишканаларды модернизациялоо‚ реконструкциялоо ж-а курууну кредиттөө; 3) ЕЭКке мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктары үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. ЕИБ ишмердиги «Жалпы рынок» м-н ассоциацияланган өлкөлөргө жайылтылат. Коммерциялык пайда табуу ЕИБдин негизги милдеттерине кирбейт. Кредиттер боюнча проценттик чени орто чендин деӊгээлинде белгиленет. Атайын кредиттер жеӊилдетилген шартта берилет. ЕИБдин жетекчи ж-а административдик органдары: башкармалар кеӊеши‚ директорлор комитети ж-а башкармалык. Башкармалар кеӊешмесине ЕИБге мүчө ар бир өлкө өз өкүлүн‚ эреже катары‚ финансы министрин дайындайт. Кеӊеш кредит саясатынын принциптерин аныктайт‚ ар жылдык бюджетти ж-а жылдык балансты бекитет‚ уставдык капиталды өзгөртүү тууралуу маселени чечет‚ директорлорду ж-а башкармалыктын мүчөлөрүн дайындайт. Башкармалык ЕЭБ аппаратын жетектейт‚ директорлор комитетинин чечимдеринин долбоорлорун даярдайт ж-а кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат.