ВАГИФ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАЃИФ Молла Панах (1717, Азербайжан, азыркы Казах р-ну, Салахлы айылы – 1797, Шуша) – азербайжан акыны, мамл. ишмер. Араб, фарс тилдерин билген мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Карабах, Грузия, Талыш ж-а Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышып, Россия м-н союздаш болууну жактаган. В. Карабахты басып алган Ибрагим хандын жакын адамы Мухаммедбек Жеваншир тарабынан өлтүрүлгөн. Туӊгуч ырлар жыйнагы 1856-ж. Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) ш-нда басылган. В-тин ырларын жыйноодо М. Ф. Ахундов көп эмгек сиӊирген. Толук ырлар жыйнагы 1945-ж. басылып чыккан. Анын ырлары дүйнөнү шат кабылдоого үгүттөп, сүйүү, филос. ойлорго, гражд. мотивдерге ширелген. Азербайжан поэзиясында ашуг формасы – гошманы бекемдеген. «Гүл», «Турналар» аттуу ырларында өмүр, кубаныч, махабат, өкүнүч сезимдери чагылдырылган. Акындын өмүрү тууралуу С. Вургун «Вагиф» аттуу драмалык поэма жазган. Чыг.: Молла Панах Вагиф. Баку, 1925; Лирика. М., 1968. Ад.: Дадашзаде А. Певец жизни (Раздумья о Вагифе). Баку, 1988.