ЖАБГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАБГУ (кытайча шеху) – байыркы Түрк каган­дыгындагы жогорку наам ж-а кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи (ку-


шан), эфталиттерге тийиштүү болгон. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Ж. деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулган, ки­йин наамды билдирип калган. Ж. наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Ж. Түрк кагандыгында бийлик даражасы б-ча би­ринчи орунду ээлеген. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан Ж. ж-а шадылар дайындалып, эреже б-ча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан.


Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964. Т. Жуманалиев.