ЖАБЫК УРУКТУУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАБЫК УРУКТУУЛАР , г ү л д ү ү ө с ү м­д ү к т ө р (Magnoliphyta же Angiospermae) – татаал түзүлүштүү, уруктуу өсүмдүктөр тобу. Уру­гу мөмөсүнүн ичинде калыптанат (аты ошон­дон). Алардын гүлү татаал, энелиги, аталыгы, нектары бар; чымын-чиркей аркылуу чаңдашат; уругун шамал, суу, жаныбарлар таратат. Тү­йүлдүк баштыкчасы, андагы синергиддер, экинчи ядро ж-а антиподдор Ж. у-га гана мүнөздүү органдар болуп эсептелет. Алардын уругундагы азыктандыруу тканы жылаңач уруктууларды­кындай уруктана электе эмес, уруктангандан кийин пайда болот. Алардын энелик гаметофа­засына бир же бир нече энелик спорадан түзүлгөн түйүлдүк баштыкчасы, кош уруктануу мүнөздүү; уруктанганда 2 зигота пайда болот: бирөөнөн түйүлдүк, экинчисинен аны азыктандыруучу ткань (эндосперма) калыптанат. Бор мезгили­нин башында пайда болуп, жер жүзүнө кеңири таралган. Миоценден ушул убакка чейинки өсүмдүк дүйнөсүндө Ж. у. басымдуу. Алар бир үлүштүү ж-а эки үлүштүү өсүмдүктөр классына бөлүнөт. Анын 450дөн ашык тукуму, 12,5 миң уруусунун 250 миңге жакын түрү бар. Алар ар кандай континенттик шартка ыңгайланган. Көбүнчө кургак жерлерде таралган. Эл чарба­сында мааниси чоң. Буларга дан эгиндери, тех. ж-а эгилме өсүмдүктөр кирет. Алардын 400гө жакын түрү хлорофиллсиз, калгандарында фо­тосинтез жүрөт.