ЖАГАЛМАЙ МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы
ЖАГАЛМАЙ МӨҢГҮСҮ – Ички Теңир-Тоодогу Борколдой кырка тоосуна Чакыр-Корум тоосу тутумдашкан жерде жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 9,6 км, аянты 13,3 км2. Чоң Нарын суусунун сол куймасы – Караколдун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5070 м, этеги 3870 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4370 м. Абляция облусунун аянты 9,2 км2. Мөңгүдөн Каракол суусунун оң курамы – Жагалмай башталат.