ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -га соңку нускасы

ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башын­дагы археол. эстелик. Коло дооруна таандык. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Көк-Бел ашуусунун эте­гинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында жайгашкан. Көрүстөн төрт чарчы ж-а тегерек таш тосмолор м-н курчалган байыркы 125 мүрзө. Көмүлгөн адамдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абал­да же өрттөлүп, күлү карапа идишке салынып, коргончонун ортосундагы чуңкурга көмүлгөн. Көрүстөндүн чуңкурларынын үстүңкү жээги таш­тар м-н бекемделип, такталар м-н жабылган. Көмүлгөн адамдардын карапа идиштерин, азем

Жазы-Кечүү көрүстөнүнөн табылган карапа идиш (б. з. ч. 2-миң жылдык).

буюмдарын, коло сөйкөлөрүн ж. б. буюмдарын кошо көмүшкөн. Карапалар ар кандай геом. тулку, оймо-чийме м-н кооздолгон. 1970–73-ж. археолог Н. Г. Галочкина изилдеген.