ГРОЗНЫЙ КОЮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРО́ЗНЫЙ КОЮ – жүн багытындагы уяӊ жүндүү кой породасы. Дагстан АССРинин асыл тукум совхозунда жерг. меринос коюн австралия мериносу м-н аргындаштырып, улам тандоо жолу м-н чыгарылган (1938–51). Г. к. какыр талаага байымдуу, дене түзүлүшү чыӊ. Кочкорунун мойнунда 3, соолугунда 1–2 кабат тери бырыштары бар, мүйүздүү. Кочкорунун салм. 70–90 кг, соолугу 45–50 кг. Ар жүз тубар койдон 120–140 козу алынат. Ар койдон 98,8 кг сүт саалат. Жүнүнүн уз. 8–13 см, жумшак, коюу, ичкелиги 64–70 сапатта. Кочкорунан 10–15 кг (мыктысынан 25 кг), соолугунан 5,5–7,5 кг (айрымынан 12,5 кг) жүн кыркылат. 45–55% таза жүн алынат. Кочкору башка уяӊ жүндүү породаларды жакшыртуу үчүн пайдаланылат. Г. к. кыргыз уяӊ жүндүү коюн чыгарууга пайдаланылган. РФте (Калмакия, Дагстан, Ставрополь крайы, Астрахань обл.) асыралат.